Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

Быйылкы жылдын Тынчтык сыйлыгын ыйгарган Нобел комитетине ыраазылык билдирүү үчүн президент Барак Обамага ар бир сөзүн кылдат тандап, кынаптап айтканга туура келди. Сыйлыкты ал "жеке өзүнүн сиңирген эмгегин эмес, негизинен АКШ жана жалпы дүйнө үчүн аныктаган милдеттерди баалаган" чечим катары кабыл алды.

Обаманын сөзүн укканы журналисттер аны Ак үйдүн алдындагы Мала бакта элүү мүнөттөй күтүп калышты.

"Нобел комитетинин чечимине ары таң калсам, ары терең толкундандым,- деп айтты Обама агынан жарылып. – Туура түшүнгүлө: муну мен жеке өзүмдүн жетишкендигимди баалоо эмес, дүйнөдөгү бардык элдердин мүдөө-тилегин туюнтуудагы АКШнын ролун тастыктоо деп эсептейм".

Обама ошондой эле өзүн "мартабалуу бу сыйлыкка татыган көптөгөн адамдардын тобуна кошулганга али татыктуу эместигин" да жашырган жок. Нобел комитетинин чечимине "жигердүү аракеттерге чакырык" катары карарын айтып, Обама "ядролук куралсыз дүйнөгө жетишүү үчүн" анын өкмөтү колдон келгендин баарын жасарына ишендирди.

"Бүт элдерди XXI кылымдын чалкеш проблемаларына каршы турууга чакырам", - деди сөзүнүн соңунда Обама.

Нобел комитетинин чечиминде "Обамага окшоп көңкү дүйнөнүн көңүлүн өзүнө байлап, жаркын келечекке адамдардын үмүтүн жандыра алган саясатчылар сейрек жолугары" айтылган эле.

"Обама президент иретинде эл аралык жаңы климат түздү. Көп тараптуу дипломатия кайра башкы орунга чыкты, Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык башка институттар аркалай турган озуйпаларга өзгөчө басым жасалды. Карым-катнаш жана сүйлөшүү эң татаал жаңжалдарды чечүүнүн артыкча маанидеги каражаты болуп таанылды", - деп көрсөттү Нобел сыйлыгынын Норвегия комитетинин төрагасы Торнборн Ягланд.

Немец канцлери Ангела Меркел Обамага өзүнүн жылуу куттуктоосун жолдоп, кыска мезгил ичинде ал дүйнөдөгү тоңбий кырдаалды кыйла жумшартып, сүйлөшүү ыкыласын ойготконун белгиледи. Дүйнөдө бейпилдикти мындан ары да бекемдөө үчүн Меркел жалпы коомчулукту Обамага колдоо көрсөтүүгө чакырды. "Алдыда дагы көп иштер бар, бирок эң башкысы жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси ачылды", - деп айтты немец канцлери.

Ал эми Силвио Берлускони менен Италия өкмөтүн Нобел комитетинин бүтүмү дүркүрөтө кол чаптырды. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу бу чечимден "коопсуз дүйнөнү күсөгөн адамзаттын үмүтүн күчөткөн" жышаанды, Франциянын президенти Николя Саркози "жер шарындагы калктын жүрөгүнө Американын кайтып келгенин" көрдү.

Бул кабарга Полшанын экс-президенти, учурунда Нобелдин ушундай эле сыйлыгына арзыган Лех Валенса: "Кимге,Обамагабы? Тез элеби?... Ал эчтеме жасай элек ко",- деп таңыркады. Иран бийликтери "жогорку сыйлык Обаманы дүйнөдөгү адилеттик үчүн күрөшкө түртүшү керектигин" билдиришти.

"Талибан" кыймылы Нобел комитетинин чечимин айыптады. "Обама Ооганстанда тынчтык орнотуу багытында азырынча бир да кадам жасай элек",- деп айтылды кыймылдын билдирүүсүндө.

Нобел комитетинин чечими карапайым адамдарды да кайдыгер калтырбады. Көпчүлүгү, айрыкча жаштар шатыра-шатман түшүп кубанышты.

Кээ бир аккаптал кишилер болсо тарыхта биринчи мерте Нобел сыйлыгы "насыя иретинде" ыйгарылып жатканын айтышса, айрымдары муну жеке адамдын – Обаманын керт башына табынуу көрүнүшүнө жорушту.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG