Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Кытайдан интернет тартуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуанын Бишкектеги жолугушуусу учурунда талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай элчиси өз өлкөсү Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте интернет ташып келүү боюнча активдүү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдаган. Тараптар транспорттук коммуникация, айыл чарба, өндүрүштү өнүктүрүү тармактарында кызматташтыкты да ортого салышты.

Буга чейин казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү интернеттин кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген. Өткөн аптада Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги Эмил Ешеналиевди кызматтан алуу маселесин ишкананын башкармалык кеңешине сунуштары жарыяланган. Ешеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн четке кагып, келишимди аргасыздан түзүүгө барганын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG