Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Жапаровду колдоо митингинде тогуз аял кармалды


Садыр Жапаровду колдоо митинги. 25-март, 2017-жыл.
Садыр Жапаровду колдоо митинги. 25-март, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын тогузу аялдар. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал 25-марттын түнү Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын тергөө абагында отурган 12 митингчи менен жолугушкан. Алар милиция кармоо учурунда күч колдонгонун маалымдашкан:

- Экөө менен сүйлөштүк. Кармап жаткан учурда күч колдонду деп атышат. Биринчи май райондук ИИБде кыйноо болдубу деп сурасак, "жок" дешти. Жалпысынан райондук милицияда 65 киши бар экен. Анын тогузу аялдар. Кармалгандардын арасында Садыр Жапаровдун баласы, бир тууганы да бар. Уулу Рустам Жапаров менен сүйлөшкөндө да ал кармоо учурунда күч колдонулганын айтты.

Буга чейин ИИМ митингде 105 адам кармалганын, алар коомдук тартипти бузганы үчүн "бейбаштык", "милиция кызматкерлерине кол көтөрүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Маалыматка караганда, 26-мартта Биринчи Май райондук соту чогулган материалдардын негизинде алардын ишин карап, 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, калгандары сүйлөшүүлөрдөн кийин кое берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG