Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Обаманын чакырыгы, Пхеняндын тукуругу


Прагада АКШ-Евросоюз саммити аяктады. Жыйында Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагын айыптаган билдирүү кабыл алынды. Түркиянын Евросоюзга мүчө болуу мүдөөсүн АКШ президенти колдоого алып, Франциянын лидери кайрадан каршы чыкты.

АКШ-Евросоюз саммитиндеги сүйлөшүүлөрдө дүйнөлүк экономикалык кризис, энергетикалык коопсуздук, эл аралык маселелердин кеңири чөйрөсү сөз болду. Президент Барак Обама климат проблемасында АКШ алтернативдүү энергия булактарына өткөнгө умтулат деп убада берди.

Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони "АКШ менен Европанын ортосун ажыраткан бир да маселе болбогонун, талкууланган бардык темалар боюнча пикирлер бир жерден чыкканын" ырастап, "Атлантиканын эки өйүзүнүн өз ара кызматташтыгы үзүрдүү болоруна" ишендирди.

Деген менен жыйында экономикалык кризиске каршы күрөшүү жагынан кайчы чыккан позициялар макулдашылган жок. Мындан тышкары Түркиянын Евросоюзга мүчө болуу мүдөөсүнө колдоо билдирген Барак Обаманын сөзүнө Николя Саркози каяша кылып, Франция буга баштагыдай эле каршы экенин бекемдеди.

Буга байланыштуу Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу адегенде Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантып, Анкара Евросоюзга мүчөлүккө, Еврошаркет аны өзүнө алганга даяр боло алабы, муну анан байкаштырып көрүү керектигин белгиледи.

Жыйында Түндүк Кореянын ракета сынагын айыптаган билдирүү кабыл алынды. Дүйнөнү апааттуу куралдардан арылтууга чакырган Обама Пхеняндын бул кадамын "тукурук" катары баалады. "Түндүккореялыктардын ракета учурганына байланыштуу биргелешкен декларация кабыл алганыбызга мен курсантмын,- деп айтты Обама. - Менимче, бул Европа менен АКШ эриш-аркак аракеттенип, аймактык жаңжалдарды эле эмес, эл аралык проблемаларды да натыйжалуу чече аларын күбөлөп турат".

Обаманын сөзүн колдоп, Баррозу "Түндүк Корея проблемасында Евросоюз АКШ жана эл аралык коомчулук менен ийиндеше иштешкенге даяр экендигин тастыктады.

Обама саммит алдында 20 миңдей прагалыктарга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө: "Мындай куралдардын жайылышына чечкиндүү каршы туруу абзел. Эреже кынтыксыз сакталышы зарыл, аны бузгандар жазаланууга тийиш, айтылган сөздөр сөз бойдон калбашы керек ",-деп айткан эле.

Пхенян бийликтери учурулган спутник орбитага чыкты, андан жерге патриоттук ырлар келип жатат деп ырасташкан эле. Бирок АКШ, Түштүк Корея жана Япония спутник орбитага жетпей эле океанга кулап түшкөнүн айтышууда. Алар муну Пхеняндын баллистикалык ракетасын сынап көрүү аракети иретинде баалашып, маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде шашылыш талкууга салууну талап кылышты. Россия болсо тараптарды тапалаңга түшпөй, сабырдуулук кылууга чакырды.

Прагада Обама Россия активдүү каршы чыгып жаткан ракетадан коргонуу системасына да кайрылды жана бул проблеманын чечилиши Ирандын кадамына жараша болорун белгиледи. "Иран тараптан коркунуч туулуп турганда ишенимдүү жана натыйжалуу коргонуу системасын түзүү боюнча пландарыбызды жүзөгө ашыра беребиз. Эгер иран коркунучу жоюлса, анда Европада РКС элементтерин түзүү зарылдыгы да калбайт ",-деп көрсөттү Обама.

Бул пикирди Чехиянын вице-премьери Александр Вондра да кайталады. "Эгер коркунучтар бар болсо, анда долбоорду жүзөгө ашырууну уланта берүү керек. Кокус алар жок болсо, анда буга байланышкан чечимдерди өзгөртүү зарыл. Азырынча коркунучтар бар, Түндүк Кореянын ракета учурганга аракет кылганы муну артыкбаш ирет далилдеп турат".

Обама кечээ Прагадан Анкарага учуп кетти. Түркияда ал эки күн болот. Анкарада түрк лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана парламентте сөз сүйлөп, Түркиянын Кавказдагы жана Жакынкы Чыгыштагы ролуна арналган талкууга катышат. Анын эртеси Стамбулда Батыш-Чыгыш байланышын бекемдөөгө арналган эл аралык конференцияда сөз сүйлөйт.

Барак Обаманы Чехияда жылуу тосуп алышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

XS
SM
MD
LG