Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Обаманын Ак үйдөгү маалымат жыйыны


Президент Барак Обама Ак үйдөгү маалымат жыйынында. 9-февраль 2009-жыл.
Президент Барак Обама Ак үйдөгү маалымат жыйынында. 9-февраль 2009-жыл.

АКШ президенти Барак Обама дүйшөмбү күнү Ак үйдө биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө экономика темасы, тышкы саясаттын урунттуу проблемалары козголду.

Кириш сөзүндө Обама толугу менен ички экономикалык жагдайга токтолду. Ошол эле күнү Индиана штатындагы Элкхарт шаарында болуп, калк менен жолугуп келгенин маалымдап, Обама АКШ толук масштабдагы кризиске кабылганына дале шектенип жаткандарга жумушсуз калып, айласы куруп отурган миллиондогон америкалыктар менен оозмо-оз сүйлөшүп көрүүнү сунуш кылды.

Конгрессте каралып жаткан антикризистик пландын маанисине токтолуп,Обама анын башкы максаты өлкөнү азыркы абалдан чыгарууда турганын белгиледи.

“Бюджеттеги бир триллион доллар тартыштык менин администрацияма мураска калды,- деп айтты Обама. – Бизге Улуу депрессиядан берки эң оор экономикалык кризис да мураска калгандыктан пассивдүүлүк кылуу башка бир таңкыстыкка – жумушчу орундардын, кирешелердин, керектөөчүлөр менен бизнес жамаатынын ишеним тартыштыгына өсүп өтүшү мүмкүн”. А бу таңкыстык болсо кризисти катастрофага айлантып ийе алат.

“Мен президент болуп турганымда өлкөнү кайра жандантуу үчүн колумдан келгендин баарын жасаймын”,-деп ишендирди Обама.

Журналисттер да жалпысынан президентке экономикалык темадагы суроолорду беришти. Алардын биринде мамлекет жеке секторго кийлигишкенде мунун пайдасынан зыяны көп болот деп айтылды.Обама бул пикирге кошулган жок.

“Рецессиядан жеке сектор абдан алсырап калган азыркыдай учурда экономиканы жандантуу үчүн федералдык бийликтин гана жетерлик ресурсу бар. Туңгуюк мындай абалдан мамлекет гана алып чыга алат... Ушундай кыйын-кыстоо кезеңде мамлекет маанилүү оюнчу боло алат, бу жагынан ал жөндөмүн гана көрсөтпөстөн, бардык зарыл чараларды көргөнгө да милдеткер болот”. Мунун мисалы катары Обама өлкөнү Улуу депрессиядан алып чыккан Рузвельттин программасын эске салды.

Тышкы саясат темаларынан журналисттердин Ооганстанга байланыштуу суроолоруна жооп берип, Обама Иракка салыштырмалуу Кабул өкмөтү кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, ушундан пайдаланып, "Ал-Каида" менен “Талибан” өз күчтөрүн кайра топтогонго аракет кылып жатканын, бирок АКШ буга жол бербей турганын ырастады. Бул үчүн аскерий, дипломатиялык, экономикалык ыкмалар колдонулат.

”Жагдайды жөнгө салганга канча убакыт керек болорун мен билбейм,бирок союздаштардын көмөгү менен биз буга жетишебиз”,-деп айтты Обама.

Иран проблемасына токтолуп, Обама улуттук коопсуздук командасынын мүчөлөрү азыр Тегеранга байланыштуу саясатты талдап-таразалап жатканын, кайсы маселеде конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кайсы чөйрөдө өз ара аракеттенсе болорун аныктап чыгышарын, ошонун негизинде Иран менен сүйлөшүү үстөлүнө отурганга аракеттер жасаларын айтты.

Ошону менен бирге Обама Ирандын “Хезболла”, Хамас өңдүү террордук уюмдарга колдоо көрсөтүп,ядролук программасын өркүндөтүп жатканына кооптонуу да билдирди.

Обама Жакынкы Чыгышта кокус ядролук куралдар жайылса,дүйнө үчүн мындан ашкан алаамат болбойт деп эсептейт. “Менин милдетим, - деп билгиледи Обама,- ядролук куралдардын таркатылышын токтотуу жана колдо болгон арсеналдарды кыскартууда турат”.

Бу маселени телефон аркылуу Россиянын президенти Дмитрий Медведев менен талкуулаганын айтып, Обама Москва менен Вашингтон жаңы келишим түзөрүнө үмүт билдирди. Ошондо башка өлкөлөр менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешип бул чөйрөдө көзөмөлдү күчөткөнгө болот.

Обама акыркы кездери мындай көзөмөл кыйла солгундап кеткенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG