Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Обаманын сапары орусиялык ындыкаралардын да кызыгуусун жаратты


АКШ президенти Барак Обаманын Орусиядагы биринчи сапары жергиликтүү коомчулуктун үркөрдөй катмары: ындыкаралардын жана тегинде орустуку менен катар африкалыктын каны барлардын арасында өзгөчө кызыгууну жаратты. АКШнын алгачкы ындыкара президентинин Орусияга келүүсүнүн алар үчүн мааниси канчалык?

Тарыхка кайрылсак, тегинде африкалыктын каны бар орустардын эң таанымалы – улуу акын Александр Пушкин. Ал Орусияга 18-кылымдын башында, Петр Биринчинин тушунда алынып келинген африкалыктын чөбөрөсү деп эсептелинет. Ал эми совет доору учурунда Коммунисттик партия Африка жаштарынын СССРден жогорку жана орто окуу жайларынан билим алышын колдоп турган. Мындай жагдай өз кезегинде орустар менен африкалыктардын үй бүлө куруусуна же алардын ортосунда никесиз балдардын төрөлүшүнө да өбөлгө түзгөн.

Орусияга совет бийлиги жаңыдан орногон кезде келген афро-америкалыктар да жок эмес. Маселен Орусиянын учурдагы ындыкара жарандары арасынан өтө таанымалдардын бири, алып баруучу Елена Ханганын чоң ата, чоң энеси СССРге 1920-жылдары АКШдагы расизмден качып келген экен. 1990-жылдары Орусияда ток-шоу программалардын алып баруучусу катары таанылган Елена айым “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Барак Обаманын АКШ президенттигине шайлануусу жана анын Орусиядагы азыркы визити ал үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи:

- Ал менин чоң атам менен чоң энемдин кыялындагыны ишке ашырды. Өз учурунда алар расизмден улам АКШны таштап, Советтер союзуна келүүгө аргасыз болушкан. Алар расизмден качышкан. Кайсыл бир күнү АКШда ындыкара президент болот деп кыялдана да алышкан эмес. Менин чоң атам ындыкара, чоң энем ак экен. Алар расасы эки башка америкалык жубайларга кайсыл бир күнү тынчтыкта, бала-чакасын тарбиялап, ар намысы менен жашагыдай мүмкүнкүнчүлүк берилеби деп гана эңсешкен.

Айтор орусиялык ындыкаралардын көбү үчүн АКШнын азыркы лидери алар сыяктуулардын саны аз жана көп учурда жагымсыз кабыл алынган өлкөдө туш болгонго окшош кыйынчылыктардын үстүнөн тарыхы да, саясий салты да такыр башка мамлекетте болгон жеңиштин символу.

Ындыкаралардын тобу Орусияда үркөрдөй эле. Эсептөөлөрдүн бирине караганда, тегинде африкалыктын каны толук же жарым-жартылай барлардын саны 40-70 миңдин тегерегинде. Бул айырмачылык мамиле жасай келгенде ындыкараларды башкалардан даана бөлүп көрсөтүп турат. Ындыкаралардын өзүнүн айтымында, аларга карата мамиле эң жакшы болгондо кызыгуу менен эң жаман кеткенде ачык эле душманчылыктын ортосунда.

Москвадагы "Современник" театрынын актери Григорий Сиятвинданын балалыгы 1970-жылдары Тюмен шаарында өтүптүр. Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде өз башынан өткөргөндөрдү мындайча мүнөздөдү:

- Кандай десем, мен балачагымда Тюменде башыман кечиргендер расизм эмес. Мен Сибирдин бул шаарындагы жападан-жалгыз ындыкара элем. Эч ким мендейди эч качан көргөн эмес. Андыктан мага кызыгуу абдан күчтүү эле. Бирок ал кызыгуу кээде чектен да чыгып кетчи.

Кезинде совет бийлиги расизмди расмий түрдө жээрип келгени белгилүү. Бул улутчул топтор менен ксенофобиянын ооматы жүрүп турган азыркы Орусиядагы да реалдуулук. Москвадагы Сова борборунун иликтөөсүнө караганда, 2008-жылы рассалык жүйөөдөн улам жасалган кол салуулардан 97 киши каза тапкан. Статистика соңку кездери мындай чабуулардын биринчи курмандыгы – Борбор Азиядан келген мигранттар экенин көргөзүүдө. Бирок Африка теги бар орусиялыктар жана африкалык студенттер да мындай чабуулдардын туруктуу бутасы.

Анткен менен чоң аталары бир кезде АКШнын Миссиссиппи штатында кул болгон Елена Ханга1865-жылы кулчулук расмий жоюлган кезде 4 миллиондой африкалык кул катары жүргөн жана андан кийин мектептердеги бөлүнүүчүлүк өңдүү дискриминациянын башка формаларынан расмий арылуу үчүн бир кылым талап кылынган АКШда расизм кыйла күчтүү болгон деп эсептейт:

- Орусияда, Советтер союзунда аралаш расадагы жана ындыкаралардын үлүшү өтө эле аз болгон. Мен биринчи муундун өкүлүмүн. Азыр, албетте, көбүрөөк. Бирок мен айтып коюшум керек, бизде расизмдин Америкадагыдай тарыхы жок. Бул баары эле жеңил-желпи болду дегендик эмес. Кандай проблемалар чыкканын менен биринчилерден болуп айтып бере алам. Бирок, албетте, аларды Америкада орун алгандар менен салыштыра албайсыз.

Орусиялык ындыкара Елена Ханга “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, анын өңдөштөрүнөн спорт же оюн зоок чөйрөсүндө таанымал болгондор азырынча саналуу эле экенине карабай, ал Барак Обама АКШда жасаган тарых орусиялык ындыкараларга да эшик ачат деп үмүттөнөт, келечекте алар да саясат менен илимге аралашуусун көргүсү келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG