Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Генерал Достум Гаага сотунда соттолобу?


Ооганстан. Генерал Абдул Рашид Достум.
Ооганстан. Генерал Абдул Рашид Достум.

Президент Барак Обаманын билдиришинче, анын жардамчылары 2001-жылы Ооганстандын түндүгүндөгү генерал Абдул Рашид Достумдун жоокерлеринин 2 миңдей талип туткунун өлтүргөнү тууралуу маалыматтарды чогултууда. Ал эми Достумдун ырасташынча, Шеберган кыштагынын четиндеги түрмөгө алып баратканда болгону 200дөй гана жарадар туткун өлгөн.

Президент Барак Обама шейшемби күнү Си-Ен-Ен телеканалына берген интервьюда туткун талиптерди өлтүрүүгө байланыштуу мүмкүн болгон бардык маалыматтар менен таанышкандан кийин кыргынга байланыштуу кандай чара көрүү жайын чече турганын билдирди:

-Бардык өлкөлөрдүн жоопкерчилиги бар. Бул согушка да тиешелүү. Согуш мыйзамы кандайдыр бир деңгээлде бузулганбы, аны биздин изилдөөдөн соң билебиз деп ойлойм.

10-июлда “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, Түндүк альянсынын курамына кирген генерал Достумдун аскерлери 2001-жылы америкалык күчтөр менен бирге талиптерге каршы согушкан жана Достум өзү Борбордук чалгындоо кызматы-ЦРУ менен кызматташып жүргөн. Ошондуктан Буштун администрациясы согуш кылмышын иликтөө президент Карзайдын өкмөтүн колдоого доо келтирет деп, Шибергандагы кыргынды иликтөөгө кызыкпаган.

Теги өзбек Абдул Рашид Достумду 2001-жылдын ноябрында талип өкмөтү кулатылгандан кийин Карзай өлкөнүн коргоо министрлигинде жооптуу кызматта дайындаган. Саясый каршылаштарына тапанча кезеп коркутту деген айыптоолорго байланыштуу былтыр Түркияга чыгып кеткен Достумду жоопко тартуу маселеси Карзай жакында аны Коргоо министрлигиндеги мурдакы кызматына кайра койгондон улам козголо баштады.

Надир Надири- Ооганстандын Адам укугу боюнча көзкарандысыз комиссиясынын мүчөсү. Ал Шеберганда актап болбой турган согуш кылмышы жасалган дейт:

-Көп сандагы согуш туткундары өлтүрүлүп, чоң кылмыш жасалганы анык. Алардын сөөктөрү табылды. Алдын ала иликтөө кылмыш жасалганын далилдеди. Бул жерде күмөн саноого негиз жок. Ага кимдер катышканын тактоо да маанилүү. Айрым оогандардан башка да Шеберганга чукул жайгашкан АКШлык аскерлер да окуянын катышуучусу болгону айтылууда. Кылмышты иликтөө Ооган элинин ишенимине жетүү үчүн, коомчулуктун Ооган өкмөтүнө ишенүүсү үчүн маанилүү.

Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, темир контейнерлерге камалган 2 миңден кем эмес туткун талиптердин көбү дымыгып өлсө, башкалары контейндерди күзөтчүлөр аткылаганда өлгөн. Достумдун сөзүнчө, 200дөй гана туткун өлгөн жана алардын көбү урушта алган жараатынан улам көз жумушкан.

Эларалык мунапыс уюмунун Азия программасынын азыркы директору Сам Зия Зарифи талиптер бийликтен куулгандан кийин Хьюман Райт Уоч уюмунун кызматкери катары Дашти-Лайли мазарындагы талиптер топ-тобу менен көмүлгөн көрүстөндү иликтеген.

“Биз үчүн эң табышмактуусу: генерал Достум АКШнын атайын күчтөрү менен иштегенби же АКШ өкмөтүнүн башка ведомствосу-ЦРУ менен иштегенби, анысын билүү. Маалымат жок болгондуктан, америкалыктарды кызыл кырыгынга катыштыгы бар деп айта албайбыз”,- дейт Зарифи.

Хьюман Райтс Уоч, Эларалык мунапыс жана Врачтар адам укугу үчүн уюму Шебергандагы кыргынды иликтөө Вашингтондун Карзайдын өкмөтүндөгү согуш кылмышына тиешеси бар башка да адамдарды жоопко тартууну талап кылуусуна түрткү болот деп үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG