Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Обама абалды тез эле оңдоп жибере албасын эскертти


АКШ -- Жаңы президент Барак Обама үй-бүлөсү менен Вашингтонго келди.
АКШ -- Жаңы президент Барак Обама үй-бүлөсү менен Вашингтонго келди.

АКШнын жаңы президенти Барак Обама үй-бүлөсү менен Вашингтонго көчүп келди. Эртең ал ант берип, кызматына киришет. Вашингтонго келаткан жолдогу митингдердин биринде Обама экономикалык абалды тез эле оңдоп жибере албай турганын эскертти. Бул пикирди айрым эксперттер да колдошот.

Вашингтонго Обама үй-бүлөсү менен Филаделфиядан поездге түшүп келди. Муну менен ал жүз элүү жылдай мурдагы Абраам Линкольндун маршрутун кайталады. Жарым жолдон ага вице-президент Жозеф Байден үй-бүлөсү менен кошулду.

Жолду ката Обаманы миңдеген адамдар куттукташты. Жолдогу жолугушуулардын биринде сөз сүйлөп, Обама алдыда өтө олуттуу проблемалар турганын, аларды арыдан-бери чече салуу мүмкүн эместигин моюнга алды.

“Жете ойлонулбаган кадамдар да болот, утулуштар болот. Кооптонуу, көңүл калуу болот. Мен да айрым бир каталыктарды кетирем. Бирок бизге чукул мөөнөт кырдаалында аракет кылсак да чыдамкайлык керек”,-деп айтты Обама.

Обама кызматка киришер замат экономиканы тикелөө пакетине конгресстен 800 миллиард доллар каражат бөлдүрүүнү көздөп жатат. Өткөн аптада конгресс бийликтен кетип жаткан президент Буштун ушундай эле максат үчүн сураган 700 миллиард доллар суммасындагы пакетинин экинчи бөлүгүн ажыраткан эле.

Бир катар адистер Обаманын планы экономиканын кайра жанданышына зарыл тамызгы болуп берет деген ишеничте. Башкалары болсо Обама азыртан эле көп иштерди туура эмес баштады деп эсептешет. Алардын арасында Уилям Нискенен да бар. Ал бир кезде Рейгандын экономикалык кеңешчилер тобун жетектеген, азыр Вашингтондогу Като институтунун төрагасы.

“Менимче,ал айрым иштерди өтө эле натуура кылып жатат. Сунуш кылынып жаткан чаралардын көбү экономиканын реалдуу секторун бир нече айдын же жылдын ичинде жанданта албайт,проблема мына ушунда турат”,-дейт Нискенен.

Мындан тышкары федералдык бюджеттин быйылкы жылга бекитилген дефицити 1 триллион долларга барабар, буга Обама сурап жаткан сумманы кошкондо, ал ого бетер көбөйөт.

Буга кошумча тышкы соода-сатыктан түшчү акчанын агымы да кыскарганы турат. “Бюджеттин тартыштыгын жапкан акчанын көп бөлүгү Кытайдан, Япониядан жана мунай саткан өлкөлөрдөн алынчу. Кытайда өндүрүш төмөндөй баштады, Япония рецессияда отуруп калды, мунайдын болсо баасы төмөндөп кетти. Ушундан улам АКШга чет элдиктерден карызга акча алуу мүмкүнчүлүгү да азайып баратат”,-дейт Нискенен.

Ал ошондой эле салыктарды кыскартуу сунуштары да ойдогудай натыйжа берерине күмөнсүнөт.

“Нью-Йорк таймс” гезити менен Си-Би-Эс телеканалы жарыялаган коомдук пикирдин натыйжалары көрсөткөндөй, өлкөдөгү абалды оңдоого жаңы президенттин жөндөмү жетерине калктын көпчүлүгү ишенет, ошол эле учурда америкалыктар бул процесс узак созуларын да билишет.

Суралгандардын көбү экономикадагы, саламаттык сактоо системасындагы абалдын жакшырышы,Ирактан аскерлердин чыгарылышы эки жылдан соң барып башталат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG