Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Обама экономикадагы кризис узакка созуларын эскертти


Барак Обама экономикалык планын сунуш кылууда, 8-январь, 2009-ж
Барак Обама экономикалык планын сунуш кылууда, 8-январь, 2009-ж
Виржиния штатындагы Жорж Мейсон университетинде сөз сүйлөп,жакында бийлигине киришкени жаткан президент Барак Обама экономикадагы азыркы абалды “жеткен жоопкерчиликсиз доордогу” кризис деп мүнөздөдү жана андан чыкканга АКШнын күч-кубаты жетерине ишендирди. Ошол эле учурда ал кризистин салакалары узакка созуларын да эскертти. “Багытты өзгөрткөнгө өтө кеч болуп калганына мен ишенбейм,- деп билдирди Обама. – Бирок колдон келишинче эртерээк чечкиндүү чараларды көрбөсөк, анда чын эле кеч болуп калышы мүмкүн. Эгер эчтеме жасалбаса, рецессия бир нече жылдарга созулуп кетет”.

Обама конгресске сунуш кылганы жаткан экономикалык планына токтолуп,анда баарыдан мурда жаңы жумушчу орундарды түзүү,салыктарды төмөндөтүү жана энергетика чөйрөсүндөгү жаңы долбоорлорду финансылоо көбөйтүлөрүн белгиледи. Конгрессти Обама жаңы өкмөттүн планын тезирээк бекитүүгө чакырды. Кокус иш кечеңдетилсе, АКШ дүйнөлүк экономикадагы лидерлик позициясын жоготуп коюшу да мүмкүн.

“Эгер биз же күнөөлүүлөрдү издеп, же чечим кабыл алууну создуктуруп,буйдала берсек,анда жумушсуз калгандар, жыйнап-топтогон мыдырынан ажыраган үй-бүлөлөр күн сайын арбый берет. Акыры бир күнү барып төмөндөө процессин токтото алгыс абалга жетип калабыз”,-деп көрсөттү Обама.

Обаманын планына 800 миллиард долларга жакын каражат керек болот. Өткөн жылдын этегинде эле Буштун администрациясы экономиканы көтөрүүгө бюджеттен 700 миллиард доллар акча бөлдүрүп алган эле.

Өндүрүштүн көлөмү былтыр соңку отуз жылдай мезгилден берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Жумушсуз калгандар болжолдо 2,5 миллион адамдан ашты. Быйыл бюджеттеги дефицит 1 триллион 200 миллиард долларга жетиши мүмкүн.

Америкалык экономисттердин көпчүлүгү мындай шартта Обаманын планынан башка арга жок деп эсептешет. Бирок Лондондогу экономика мектебинин профессору Виллем Буйтер буга анчейин ишенбейт. “Мындай саясат финансы рыноктору мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан, төлөө балансынын тышкы дефицитинен чочулабаган шартта гана иштеши мүмкүн”,-дейт профессор.
Буйтер АКШнын экономикасы азыр өтө начар абалда турганын эске алып, аны Обама сунуш кылып жаткан рецепттер боюнча дарылоо аракети пайдадан көрө зыян алып келиши ыктымал деп болжолдойт.

Жаңы президент көп жагынан мамлекеттик карыздардын өсүшүнө көз жумганга аргасыз болот. Буга кошо кокус үстөк проценттер,анын ичинде мамлекеттик карыздар боюнча проценттер кескин көтөрүлүп кетсе, доллар мындан ары да нарксыздана берсе, АКШга ишенип, анын экономикасына эпсиз ири капитал салган чет элдик инвесторлор жапырт үркүп, өлкөдөн кача башташы мүмкүн. Профессор Буйтер мына ошондо АКШга кайра өйдөлөнүш өтө кыйын болуп калат деген ойдо.

XS
SM
MD
LG