Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

Карым-катнашты кайра баштоонун формуласы


Обама менен Медведевдин Лондон жолугушуусу

Обама менен Медведевдин Лондон жолугушуусу

6-июлда АКШ президентинин Орусияга эки күндүк расмий иш сапары башталат. Сүйлөшүүлөрдө эл аралык коопсуздук, ортолук мамиле-катнашты өркүндөтүү маселелери талкууланмакчы. Москва сапарынын алдында АКШ өкмөтү Кыргызстан аркылуу Ооганстанга жүк ташып өтүүчү борборду түзүүгө жетишти.

Буга чейин Орусия менен АКШ президенттери дүйнөлүк экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун талкуулаган Лондондогу бай өлкөлөрдүн жетекчилеринин быйыл апрелдеги жыйынында жолугушкан. Москва сапарынын алдында АКШ президенти Орусияда өтчү сүйлөшүүлөрдө дүйнөлүк орчун проблемалар талкууланарын, президент Д.Медведев экөөнүн ортосунда болчу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы дурус болоруна ишеним арта тургандыгын билдирди.

АКШ президентинин Орусиядагы расмий иш сапарында чоң талкууга түшчү проблемалардын бири, албетте, Ооганстан маселеси болмокчу. Расмий иш-чаралар башталардан аз илгери АКШ өкмөтү Кыргызстан бийлиги менен “Манас” абамайданында Ооганстанга ташылчу жүктөрдү жөнөтүп турчу Транзиттик борбор түзүү жөнүндөгү келишимдерге кол коюуга жетишти. Американын аскерий базасын “Манас” абамайданынан чыгаруунун мыйзамдык жөрөлгөлөрүн апыл-тапыл аткарган Кыргызстандын жаңы келишимдерди деле ошондой ынтаа менен ишке ашыруга киришти. Саясат таануучу Айдарбек Көчкүновдун айтуусунда, АКШ менен Орусиянын Борбор Азиядагы атаандаштыгы дагыле кала берет.

- Мына ушул Евразия геосаясий майданындагы тирешүүсүндө абдан чоң өзгөрүүлөр болоруна көзүм жетпейт. Себеби акыркы жылдары Орусия Федерациясы дагы Евразия континентинде мурунку советтик республикалар аймагында жана ага кошуна турган Чыгыш Европа, Кавказдан сырткы чөлкөмдөрүнө да өзүнүн таасирин сактап калууга, тереңдетүүгө аракет кылып жатканы баарыбызга тең көрүнүп турат.

А.Көчкүнов мына ушул чөлкөмдөргө АКШ да өз таасирин жайылтуу аракетин күчөтүп жаткан чакта эки өлкөнүн мунасага келиши кыйын деген пикирде. Ооганстандагы кырдаалдын кескин курчуп кетиши, уруш өртүнүн анын жанындагы Пакистанга өтүшү Борбор Азия республикаларын кооптонткон жагдайга айланууда. Саясат таануучу Марат Казакпаевдин айтуусунда, сүйлөшүүлөрдө Ооганстан проблемасына өзгөчө маани берүүнүн да жөн-жайы белгилүү.

- Менин оюмча, Америка менен Орусиянын мамилеси оңолсо, жакшы жагына көчсө, ал биринчи иретте Орто Азиядагы мамлекеттерге жакшы болот эле. Ошондуктан бул сүйлөшүүлөрдүн мааниси аябай чоң. Анын Кыргызстанга деле пайдасы бийик.

Парламент депутаты Бакыт Бешимов Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы тышкы саясатындагы негизги багыттарды аныктап, мамиле-катыштарды жаңы жолго салуу аракетине киришкенин мисалга тартып, чөлкөмдүн орчун проблемасы катары коопсуздук маселеси кала тургандыгын билдирди.

- Биринчиден, Ооганстан менен Пакистанда болгон абал. Анан жалпы Евразиядагы конфликттик потенциалдын күчөп кетиши. Мына ушул маселелерди биргелешип кантип чечүү керек, суроосу турат. Обама менен Медведев, албетте, ушул маселелерге кайрылат.

Борбор Азия чөлкөмүнүн энергетикалык потенциалы лөк өлкөлөрдүн кызыкчылыгын арттырып, Батыш менен Чыгыштын ачык-тымызын атаандаштыгын козголоп келатканы белгилүү. Карамай менен газдын агымы Орусияны кыйгап өтүп Европа өлкөлөрүнө өтүшүнө кызыкдар күчтөрдүн каршысында кийинки жылдары экономикалык ыкчам өнүга баштаган Кытай, бу чөлкөмдү өзүнүн “улуттук кызыкчылыгы” катары караган Орусия турат. Экономикалык кызыкчылыкка байланган чөлкөмдү башбактаган коркунучтар: Ооганстандан келчү баңгизаттар агымын токтотуу, эларалык террорчулук менен диний чаарбаштыкка каршы туруу маселелери да жылдан-жылга курчуп, жаамы дүйнөлүк проблемага айланып баратат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG