Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:15

Олимпиада аброй, чыгаша гана алып келбестен сооданы да күчөтөт


Лондон Олимпиадасынын эн белгиси.

Лондон Олимпиадасынын эн белгиси.

Олимпиада сындуу ири спорттук иш-чараны өткөрүү конок ээси болгон шаар менен өкмөткө ири алды кадыр-барк, ага катар чыгаша да алып келет. Бирок чыгашасыз киреше кирбейт демекчи, АКШда жүргүзүлгөн жаңы иликтөө Олимпиада соода-сатыктын өнүгүүсүнө да олуттуу салым кошорун көргөзгөн.

2012-жылкы Лондон Олимпиадасынын чыгымы, соңку эсептөөлөргө краганда, 13,5 миллиард доллардан ашып түшөөрү күтүлүүдө. Бул алгачкы божомолдордон дээрлик төрт эсеге жакын көп дегенди билдирет. Ал эми андан кийин, 2014-жылы Сочиде өтүүчү Кышкы Олимпиаданын наркы 12 миллиард долларга бааланууда.

“Олимпиада эффектиси”

Чыгымдары күтүлгөн түз кирешеден кыйла эле көптүк кылып жаткандыктан, Олимпиада өңдүү ири спорттук иш-чараларга конок ээси болуунун жүйөөсүн экономикалык жактан акташ кыйын. Анда эмне үчүн өлкөлөр менен шаарлар буга умтулат? Америкалык эки окумуштуунун иликтөөсүн, балким, ушул суроонун жообу катары кароого болот.

Окумуштуулар Эндрю Рос (Andrew Ros) менен Марк Шпигель (Mark Spiegel) өзүлөрүнүн жаңы иликтөөсүндө Олимпиада же футбол боюнча Дүйнө чемпионаты өңдүү спортук иш-чаралар тигил же бул өлкөнүн соода-сатыгын күчөтөт деген бүтүмгө келишкен. Алар муну “Олимпиада эффектиси” деп аташкан.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Калифорния университетинин професору Эндрю Рос мындай дейт:

- Өлкө Олимпиадалык оюндарды тоскон кезде, анын соодасы 30%дын тегерегинде өсөт. Бул - убактылуу эмес, туруктуу эффект. Демек биз Олимпиада эффектиси аны тоскон өлкөлөрдүн соодасы үчүн чоң колдоо деп эсептейбиз.

Олимпиада оюндарынын жакынкы эле тарыхына кайрылсак, дүйнөнүн экспорттук күч-кубаты арткан өлкөлөрүнүн баары, мисалы Жапония, Түштүк Корея, Кытай Олимпиаданын конок ээси болушту.

Алсак Кытай Олимпиаданы өткөрүү укугун 2001-жылы Дүйнөлүк Соода уюмуна киргенден бир нече айдан кийин алган. Жапония Олимпиаданы 1964-жылы тоскон жана ошол эле жылы Эл аралык валюта коруна кошулган. Ал эми 1988-жылы Түштүк Кореянын Олимпиаданы өткөрүүсү өлкөнү саясий жактан либералдаштыруу жараяны менен коштолгон.

Бирок таң калыштуусу, америкалык окумуштуулардын иликтөөсүнө караганда, Олимпиаданы өткөргөн гана эмес, аны тосууга далалаттанып, бирок максатына жетпей калган өлкөлөр да пайда табат.

Иликтөөнүн автору Эндрю Ростун айтымында, мүдөөсүн жарыялоо менен тигил же бул өлкө сооданы либералдаштырууга олуттуу мамиле жасарын ишара кылууда:

- Сиз ири окуя үчүн талаптанганыңызда, адатта адамдар, инвесторлор өлкө сооданы либераладаштырууга чынында эле олуттуу мамиле жасарын түшүнөт жана либералдаштыруудан пайда табуучу секторлорго инвестиция куюла баштайт.

Олимпиадага баш байлаганда, артка кетүү кыйын

Экономиканы ачуу боюнча реформалар саясий жактан татаал болуусу мүмкүн. Анткени либералдаштыруу жалпы өлкөгө пайда бергени менен кайсыл бир конкреттүү чөйрөлөрдү зыянга учуратат. Андыктан реформалардын токтоп же артка кетүүсү ажеп эмес. Ал эми кайсыл бир ири окуяга арыз берүү ошол реформалардан четтеп кетүүнүн өзүн кыйындатат:

- Ири окуяга чындап талаптанганың эл аралык деңгээлде көрүнүп турат жана артка кайтууну татаалдаштырат. Демек соода реформасына, либералдаштырууга олуттуулук менен мамиле жасалат жана өкмөттөр сөзүнөн тайып, оңтойсуз абалда калгысы келбейт. Анын үстүнө либералдаштыруу узагыраак мөөнөткө эсептелсе, жакшы кетет. Ири иш-чарага даярдануу беш же алты жылды талап кылат жана бул - соода реформасы үчүн абдан ылайыктуу мөөнөт.

Албетте америкалык окумуштуулардын иликтөөсү суроолордун баарына эле жооп бербейт. Мисалы Жапония сындуу өнүккөн, буга чейин Олимпиаданы үч жолу тоскон өлкө эмне үчүн кайра эле эми 2016-жылы Олимпиада үчүн талаптанууда? Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр ийгилик таппаса деле утур-утур талаптанып жатат? Алсак Аргентинанын төрт жолку аракетинен тең майнап чыккан жок. Акыркы ирээт Аргентина Олимпиаданын конок ээси болуу сынагынан 2004-жылы кур-жалак кайтты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG