Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Осама бин Ладен тууралуу шек-шыбаа көп, билгендер жок


Саудилик миллионердин 2001-жылкы сүрөтү. Тапкандар 25 миллион доллар алат
Саудилик миллионердин 2001-жылкы сүрөтү. Тапкандар 25 миллион доллар алат

Ал-Каиданын башчысы Осама бин Ладен деги тирүүбү? Тирүү болсо кайда? – деген суроо ушул аптада АКШнын жаңы ооган стратегиясы жарыяланганына байланыштуу кайрадан кызыды.


Ийне жоголду, ийне жоголду, Осама жоголду...

АКШ Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтмөй болуп, Пакистанда талиптерге каршы уруштар күчөгөн маалда Ал-Каида жетекчисинин дайын-дареги беймаалым бойдон.


Осама бин Ладендин табышмактуу тагдыры туурасында талкуу - соңку кездери Пакистанда уруштар күчөп, ал жакта Ал-Каида лидери жок окшойт деген сөздөрдөн улам кызыды.

2001-жылы 11-сентябрда АКШдагы теракттарды уюштурган деп айыпталган башкы ал-каидачы ошол жылы Ооганстанда башталган антитеррордук уруштан аман-эсен жашырынып, ооган-пакистан чек арасы аркылуу ары-бери өтүп, жан сактап жүрөт деген маалыматтар айтылып келет.

Керт башына 25 млн долларлык акча сайылган Осама бин Ладен кайда экенине кызыккандар да миллиондоп саналат, анан ал кантип ушунча көздөн изин жашырып жүрөт деп таң калгандар андан көп.

Осама Ооганстандабы?

Далайдан бери ал Пакистандын уруучул аймактарында башкалкалап жүрөт деп ишенгендер жакындан тарта күмөн санай баштады, анткени ал жактарда пакистан армиясы кеңири чабуул коюп, тоо-ташка жашырынган согушкерлерди ооган тарапка сүрүп чыгарууда.

Анын үстүнө жакында АКШ Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберет деген маалыматтан улам Осама кантсе да, ошол жакка качып өткөн өңдүү деген түкшүмөл кеп күч алды.

Андай кептерге Пакистандык журналист жана регионалдык эксперт Ахмед Рашид ишене бербейт:

- Ооганстанда иш жүргүзүп аткан Батыштык, НАТО, Бириккен Улуттар Уюмунун чалгынчылары бүт бойдон Осама бин Ладен Пакистан тарапта деген жыйынтыкка келишкен. Эгерде ал Ооганстанда болгондо, эмгиче АКШ, же НАТО күчтөрү тапмак.

Ал-Каиданын лидери Пакистандан чыгып кеткен деген кабарлар жакында пакистандык талиптердин бозгун жетекчиси Маулана Фазлулла телефондон интервью берип, ооган тарапта жашырынып жүргөнүн айткандан кийин от алды.

Байкоочулар ушуга окшогон маалымат расмий Исламабадга пайдалуу, анткени алар мынакей, жихадчыл экстремисттик уюмдар Пакистанда жай тапты деген кабарлар жалган, баары Ооганстанда деп оодара салышат деген пикирде.

Пакистандык серепчи Рашид талиптердин жол башчысы Омор молдо жана дагы бир катар жетекчилер Пакистанда жай тапканын жашырбайт деп кошумчалайт.

- Осама бин Ладенди Пакистан, же Ооганстанда көрдүм деп эч ким айта элек. Ошентсе да, ал Пакистан тарапта болушу керек деген маалымат чындыкка көбүрөөк окшошот, анткени Ооганстандын ар тарабында америкалык тыңчылар шимшилеп жүрөт. Ал жакта каалаган жерине бара алышат. Пакистанда чет элдик чалгынчылар анчалык кеңири иш жүргүзө албайт, баары чектелүү.

Ушул аптада Лондонго сапарлап барган Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани “Ал-Каиданын лидери Пакистанда экенине ишенбейм” деп билдирди.

Балким, Осама Газна тараптадыр?

Аңгыча абакта отурган талип туткуну жыл башында анын таанышы Осама бин Ладенге Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Газна (Газни) чөлкөмүндө жолуктурууну сунуш кылганын билдирди.

Азырынча саудилик миллионер бин Ладендин дареги дайынсыз, аны тирүү көргөндөр да ооз ачпайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG