Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

А. Малашенко: Жарандар кагылышы чыгып кетет дегенге ишенбейм


Кызматынан куулган Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев 22-апрелде дагы бир маалымат жыйынды Минскиде өткөрдү. Бакиев өзүнүн иштен кетирилишин мыйзамдуу деп эсептебей тургандыгын, ошол эле учурда Кыргызстанга мамлекет башчысы катары кайра барууга да ниети жок экенин айтты.

Кыргызстанда 7-апрелдеги окуяларга Орусиянын катыштыгы тууралуу кеп салган Бакиев, жакындан тарта Кыргызстан үчүн жөнөтүп аткан мунайга Москванын салыкты көкөлөтө салышын эскертти. Анын аркасы келип бардык продукциянын кымбатташына алып келди. "Ошол менин оозуман кебимди түшүрүп салган учур болду" деп билдирди.

Ошондой эле анын айтымында, “Манас” аба майданында америкалык аба базаны калтырганыбызды укканда Медведев менен Путин кыжырданышты. Бирок Кыргызстандагы бийлик алмашууга Орусиянын атайын кызматынын тийиштиги барбы-жокпу - белгисиз.

“Кыргызстанга мен кайра президент болуп барайын деген жерим жок. Бирок өзүмдүн иштен кетишимди туура деп эсептебейм” деди К. Бакиев.

Бакиевдин билдирүүсүнөн кийин орусиялык айтылуу эксперт Алексей Малашенко менен байланыштык.

- Бакиев бүгүн Минскиде кайра да жыйын өткөрүп, Москва анын жүргүзгөн саясатына ичи чыкпай жүргөнүн, айрыкча “Манас” учак майданын америкалык авиабазага бергени үчүн жинине тийип алганын айтты. Ушул кептин шаанисин чечмелеп берсеңиз.

- Менин айтарым, Бакиевге чынында эле Москва нааразы эле. Ага дегеле ыраазы болгондор аз болчу. Эмне дегенде көп вектордук дегенди Бакиев эмнегедир тетири түшүндү. Көп вектордукту ал баарыдан мурда соодалашуу экен деп түшүндү. Ошондой эле мурда берген убадасын аткарбоо мүмкүнчүлүгү деп түшүнчү. Кандай болгон күндө да Москва кайгы-муңу жок, кыйналып-кысталбай Бакиев менен кош-пеш айтышты. Ал Кыргызстандын жаңы жетекчилигине Москванын дароо колдоо көрсөтүүсүнөн көрүнүп турат. Менимче, бүгүнкү күндө, Бакиев - анын үстүнө ал Минскиден туруп жарыя таркатып атат – катардан чыгып калган киши. Москва аны эми тарыхый кимдир бирөө катары кабылдайт дээр элем.

- Бакиевдин улам кайра чуу салышынын аягы эмне менен бүтөт деп ойлойсуз?

- Эмне менен бүтөрүн алдын-ала кесе айтуу кыйын. Мен баарыдан мурда Бишкекте жагдай колдон чыгып кетеби деп кооптоном. Мен түндүк-түштүк болуп жарандар урушу чыгып кетерине ишенбейм. Мамлекеттин эки тарабы эки жакка тетири карап, жарылып-бөлүнүү болот дегенге ишенбейм. Кийинки учурда көп айтыла баштаганга карабай аларга ишенбейм.

Бирок жагдай анын кантип өнүгүшүнө жана кантип теске салынышына жараша, албетте, чарбызымга айланып кетиши мүмкүн. Анын кантип өнүгүшү үч шартка жараша болот. Биринчиден, жаңы жетекчилердин ички ымаласын менен бирдимдигинин сакталышына, экинчиден, анын жагдайды тез арада тартипке келтирүү жөндөмүнө жараша, үчүнчүдөн, тышкы күчтөр Отунбаева менен анын кесиптештерине азыркыдай колдоо көрсөтүүсүн улантышына жараша болот.

XS
SM
MD
LG