Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

"Азаттыктын" комментарийи: Эл аралык уюмдардан майнап барбы?


"Азаттыктын" серепчиси Лиз Фюллер айым. 2007-жыл, 11-июн.

"Азаттыктын" серепчиси Лиз Фюллер айым. 2007-жыл, 11-июн.

Демократияга жана адам укуктарына байланышкан талаштардан улам, Батыш мамлекеттеринин, анын ичинде адам укугун көзөмөлдөгөн батыштык уюмдардын экс-советтик жумурияттар менен алакасы кийинки кездери кыйла солгундап кетти. Ушул жаатта Азаттыктын Кавказ аймагы боюнча серепчиси Лиз Фюллердин комментарийин сунуш этебиз.

Мындан жарым ай мурда Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ЕКПА/PACE) орус-грузин жаңжалы жана Армениядагы былтыр февралдагы чыр-чатактуу президенттик шайлоо боюнча эки резолюция кабыл алды.

Лиз Фюллер өз комментарийинде белгилегендей, бул эки документтин биринчисинде ассамблея Түштүк Осетиянын айынан чыккан жаңжалда Грузиянын аймактык биримдигине айныксыз колдоо билдирди.

Ал эми экинчиси демократиялык башкарууга жана адам укуктарын коргоого келгенде, Европа Кеңешине кирген өлкөлөрдүн кемчиликтери боюнча ассамблея анчейин алсыз экендигин айгинеледи.

Армения боюнча ассамблея ушуну менен үчүнчү жолу резолюция кабыл алды.


Армениянын ордо шаарындагы оппозициялык жыйын. 2008-жылдын 19-декабры. Ереван.


Былтыр апрелде жана июн айында ассамблея 1-2-март күндөрү Еревандагы демонстрациянын жети катышуучусу негизсиз камакка алынганын, бийликтин "алар бийликти кулатмак" дегени саясий айыптоо экендигин белгилеген. Ал демонстрацияны кууп таркатууда 10 киши окко учкан эле.


Бирок Арменияда оппозиция андан бери Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы катуу талаптан тайыды деп айтууда.


Мурдагы советтик жумурияттар кирген Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) да бир катар дооматтар коюлуп жүрөт.

"Эгер бул жумурияттар аталган уюмдардан чыгып кетсе, аларды эч ким күч менен кармап кала албайт", деп белгилейт "Азаттыктын" серепчиси:

- Азыркы тапта, Орусия, Азербайжан, Армения, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр бөлөк жол менен кетүүнү чечкендиги айгине болууда. Алар Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун талаптарына кулак салбаса, бул өкүнүчтүү, бирок уюмдун аларды кармап калууга кандайдыр бир таасирдүү аргасы жок.

Ошол эле убакта Лиз Фюллер бул өлкөлөрдүн жетекчилиги ЕККУдан же парламенттик ассамблеядан чыгып калдык деп көз жашын төкпөй тургандыгын мындайча баяндады:

- Алар көп нерсени жоготпойт. Эгер мисалы Кыргызстан ЕККУ уюмунан чыгып калса, бул өлкөдө канча киши жер карап, уят болдук деп айтат?

Ошол эле мезгилде, бул уюмдар демократиянын жолунан тайган өлкөлөрдү өз катарынан чыгарып салаары күмөн:

- ЕККУ, мисалы, эч кимди мүчөлүктөн чыгарбайт. Мындан 5-10 жыл мурда "Түркмөнбашынын жоруктарын көрүп атасыңар, эмне үчүн аны чыгарып салбайсыңар?" деп сурашчу. Аларга уюм "Эгер бул өлкөнү чыгарып салсак, алар менен байланыш үзүлөт, демек аларды саясатын жакшыртууга көндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйбуз. Ошондуктан биз Түркмөнстанды мүчө бойдон калтырабыз, биз аларга делегация жиберип турабыз. Алар аркылуу Түркмөнбашыга "өз атуулдарыңа туура эмес мамиле кылып атасың, мындай кыл, тигиндей кыл деп айтып турабыз. Башкача айтканда, биз байланыш каналдарын ачык калтырабыз, ошондо бизде кур дегенде аз да болсо жакшы жагына өзгөрүүгө болгон үмүт сакталат. Калганы ал өлкөнүн жетекчисинин абийиринде.

Лиз Фюллер ошондой эле бул уюмдар мүчө-өлкөлөрдү ынандыруу жолу менен олуттуу жылышка жете албаса да, кырдаалга обьективдүү баа берип, окуяларга жакындан көз салып тургандыгы да маанилүү иш экендигин кошумчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG