Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

24-апрель: Тарых барактары


24-апрель жаштар биримдигинин Эл аралык күнү катары белгилинет

24-апрель жаштар биримдигинин Эл аралык күнү катары белгилинет

СССР Министрлер Кеңеши 1952-жылы «Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү» туурасындагы Токтомду кабыл алган. Москва шаарында 1997-жылдын бул күнү Россия, Казакстан Кыргызстан, Тажикстан президенттери Кытай Элдик Республикасы менен Кытай чекарасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшкан. 24-апрель жаштар биримдигинин Эларалык күнү. Трансиордания мамлекети 1950-жылдын 24-апрелинде Хашимиттик Иордания королдугу болуп түзүлгөн.

Башында Абдылдабек турган козголоңчулар тобу падышалык бийликтин Орто Азиядагы саясаты үчүн белгилүү даражада коркунуч жаратканы маалым. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын туйган генерал М. Д. Скобелев козголоңду басыш үчүн 1876-жылдын 24-апрелинде аскер баштап Гүлчөгө жөнөгөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун кайнап турган маалында 1943-жылдын бул күнү Фрунзе шаарынын кинохроника студиясына И. В. Сталинден телеграмма келген. Кызыл Армиянын Башкы командачысы И. В. Сталин кинорежиссер Марианну Варейкисти «куралдуу күчтөргө комкордук көрсөтүү максатында» Коргоо фондуна көлөмдүү акча которгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

СССР Министрлер Кеңеши 1952-жылы «Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү» туурасындагы Токтомду кабыл алган. Андан кийинки «Кыргыз ССРинин айыл чарбасына жардам көрсөтүү» деп аталган Токтомго ылайык, республикада сарай, кашарлар курулуп, жер иштетүү үчүн 13 МТС уюшулган жана колхоз чарбалары техникалар менен жабдыла баштаган.

Москва шаарында 1997-жылдын бул күнү Россия, Казакстан Кыргызстан, Тажикстан президенттери: Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев, Эмомали Рахманов жана Кытай Элдик Республикасынын Председатели Цзян Цзэминь Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чекарасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшкан. Келишимде беш өлкөнүн бири-бирине кол салбоо кепилдиги каралган.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 24-апрелинде «Мунапыс тууралуу» мыйзам кабыл алган. Мыйзам Кыргыз Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, ага ылайык 786 адам түрмөдөн бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылган.

24-апрель жаштар биримдигинин Эл аралык күнү катары белгилинет. Майрам максаты, жаштар проблемасына мамлекеттик органдар менен коомчулук жана маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурууга багытталган.

24-апрель астрономдордун Эл аралык күнү.

Байыркы вавилондуктар 24-апрелди жаңы жыл майрамы катары тосушкан.

Америка Кошмо Штаттарындагы «Бостон Ньюс Леттер» аталыштагы биринчи мезгилдүү басылма гезит 1704-жылдын бул күнү жарык көргөн.

Француз армиясынын капитаны Клод Жозеф Роже 1792-жылдын 24-апрелинде Марсельезаны ырын чыгарган. Кийин ал чыгарма Франциянын мамлекеттик Гимни катары кабыл алынган.

Американын Кубаны бошотулушу туурасындагы талабын тоотбогон Испания мамлекети 1898-жылдын 24-апрелинде Кошмо Штаттарга согуш жарыялаган.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси 1800-жылдын 24-апрелинде Вашингтон шаарындагы Конгресстин Китепканасын уюштуруу туурасында мыйзам кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттарында газдалган сууга патент 1833-жылдын 24-апрелинде алынган.

Торонтодогу искусство галереясы 1919-жылдын 24-апрелинде уюшулган.

Трансиордания мамлекети 1950-жылдын 24-апрелинде Хашимиттик Иордания королдугу болуп түзүлгөн.

Улуу Британия королевасы Елизавета II 1953-жылдын 24-апрелинде Уинстон Черчиллге рыцардык наам ыйгарган.

Жеткинчектердин сүймөнчүк жазуучусу жана «Робинзон Крузо» чыгармасынын автору Даниэль Дефо 1731-жылдын 24-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Айтылуу немец аскер теоретиги Хельмут Карл Бернхард Мольтке 1891-жылдын 24-апрелинде жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG