Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Пакистан өкмөтү оппозициянын талабын аткармай болду


Ифтихар Мохаммад Чаудри

Ифтихар Мохаммад Чаудри

Пакистан өкмөтү жогорку соттун судьяларын кайра кызматына койгонго убада берди. Мунун соңунан оппозиция массалык нааразылык акцияларын токтотту.

Өкмөттүн премьер-министри Юсуф Раза Гилани дүйшөмбү күнү телеканал аркылуу калкка кайрылган сөзүндө президенттин жана өз атынан “мурда жумуштан бошотулган судьялардын баары кайра кызматына дайындала турганын” жарыялады. “21-марттан тартып – судья Абдулла Хамид Догар иштен кеткен соң – Ифтихар Мохаммад Чаудри жогорку соттун төрагалык кызматын ээлейт”,- деп айтты өкмөт башчысы.

Жогорку соттун 60тай судьясын мурдагы президент Первез Мушарраф кызматтан алган. Жаңы президент Асиф Али Зардари алардын баарын кайра ордуна койгонго убада берип, анысын ушу кезге чейин аткара элек болчу. Ушуга шылтоолоп өткөн аптада юристтер, аларга катарлаш оппозиция өлкөнүн борборун көздөй жөө жүрүшкө чыккан эле. Алар баары Исламабадда парламент алдына чогулуп, отуруп алып нааразылык билдирмек болушкан.

Өкмөттүн чечиминен соң экс-премьер Наваз Шариф оппозициянын нааразылык маршын токтотту. Пешевар жогорку сотундагы адвокаттар коллегиясынын төрагасы Латиф Африди өлкөдөгү демократиялык күчтөрдүн талабы аткарылганын жакшы жаңылык катары баалады. “Генералдар жүрүштөргө кийлигишкенге батына албады, мунун өзү алардын калк арасында колдоосу жоктугун көрсөтөт,”-деп белгиледи ал.

Мурдагы судьялардын бири Тарик Мехмуд өкмөттүн чечимин мыйзам улуктугу үчүн күрөшкөндөрдүн жеңиши деп атады. Ошону менен бирге мындан ары юристтердин милдеттери да жогорулай турганын кошумчалады.

Ифтихар Чаудринин өкүлү, юрист Атар Миналла өкмөттүн чечими жөн эле бир көңүл соороткон амал болушу да мүмкүн экенин билдирип, эгер ушундай божомол чын чыкса, анда элдин нааразылыгы мындан да катуу болорун эскертти.

Оппозиция өкмөттөн мындан тышкары экс-премьер Наваз Шариф менен анын инисине мамлекеттик кызматтарда турганга тыюу салган чечимди өзгөртүүнү да талап кылган эле. Бул жагынан кандай кадамдар жасалганы тууралуу азырынча кабарлар жок.

Шариф өзү үй камагына алынды деп айтылган эле. Бирок муну бийликтер четке кагып, болгону анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар күчөтүлгөнүн ырасташты.
XS
SM
MD
LG