Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Польшада Евробиримдикти колдогон акция өттү


Варшавада ишембиде "Мен сени сүйөм, Европа" деп аталган демонстрация өтүп, ага миңдеген адамдар катышты. Демонстрацияга чыккандар Польшанын Европага багыт алышын колдогонун "Азаттык" радиосунун орус кызматы билдирди.

"Биз – поляктар жана европалыктар. Польша ЕБдин пайдубалдарынын, өлкөлөрүнүн бири болушу керек. Өкмөт биздин кыялды, Польшанын европалык келечегин жок кылууга, ага жол берүүгө болбойт" – деген чакырык менен Агнешка Холланд, Крыстына Янда, Владыслав Фрасынюк жана башка белгилүү актер, режиссер жана саясатчылар элге кайрылышты.

"Новочэсна" оппозициялык партиясынын лидери Рышард Пэтрунун айтымында, Польша эки айрылыш жолдо турат. Поляктар Европа борборунда болуп, башка мамлекеттер менен аны куруу же Еврападан өз алдынча кетүүнү тандоого тийиш.

Демонстранттардын пикиринде, бийлик Польшаны Евробиримдикте алсыз кылууга умтулууда, муну менен өлкөнүн эл аралык чөйрөдөгү аброю начарлайт.

Европага ыктаган саясатты колдоо акциялары Люблин, Катовице жана Краков шаарларында да өттү.

XS
SM
MD
LG