Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ооганстан жана Пакистандын лидерлери Түркияда жолугушту


1-апрелде Ооганстан жана Пакистандын президенттери Түркияда жолугушту. Эки өлкөнүн лидерлери 1500 чакырымга жеткен бирдиктүү чек арадагы согушкерлер менен күрөштөгү өз ара кызматташтык тууралуу макулдашышты.

Анкарадагы жолугушууда Ооган президенти Хамид Карзай жана Пакистандын лидери Асиф Али Зардари коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү ушуну менен үчүнчү ирет Түркиянын президенти Абдулла Гүл уюштурууда. Алгачкы айлампа 2007-жылы өткөн. Маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөргө бул үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери, аскер башчылары жана чалгындоо кызматынын жетекчилери да катышты.

Түрк президентинин маалымат кызматынын кабарлоосуна ылайык, сүйлөшүүлөр маалында чөлкөмдөгү туруктуулук, өз ара мамилелер, аймактагы коопсуздук жана башка жалпы долбоорлор тууралуу кеп козголду.

31-мартта Гаагада 70тен ашуун өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан жыйын өткөн болчу. Анда да эл аралык коомчулуктун аракеттери менен Ооганстан жана Пакистандагы коопсуздукту жакшыртуу маселеси талкууланган.

Ал эми өткөн аптада АКШнын президенти Барак Обама Ооганстан жана Пакистан боюнча жаңы стратегиясын сунуш кылган. Регионду жабыт кылган талиптер менен “ал-Каидачыларды” жок кылууга багытталган стратегияда Пакистан жана Ооганстанга каржылык жардам берүү, регионго кошумча аскер жөнөтүү, социалдык обьектилерди өнүктүрүү сунуш кылынат.

Гаагадагы жыйында ооган лидери Карзай Түркияда өтөрү белгиленген үч тараптуу сүйлөшүүлөр Обаманын стратегиясынын бир бөлүгү катары мааниге ээ болгонун белгилеген:

- Мени Ооганстан кошуналары менен кызматташмайын террорчулук менен күрөштө ийгиликке жетпесин түшүнгөндөрдүн саны көбөйгөнү кубантат. Демократиялык жол менен бийликке келген Пакистандын президенти менен жакын ынтымакташтыгыбыз террорчулук менен күрөшкө олуттуу салымын кошууда. Бул өңүттөн алганда Ооганстан менен Пакистандын жакын досу - Түркия эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө өтө чоң ролду ойноп жатканын баса белгилегим келет.

Карзайдын өкмөтү да, АКШ да Ооганстандагы чабуулдардын көпчүлүгү Пакистан менен тогошкон чек аранын жанында пландаштырыларын үзбөй эскертип келишкен.

Ооган бийлигинин ырасташынча, Пакистандын Чалгындоо кызматынын айрым бөлүмдөрү Пакистандын бул аймактагы геосаясий максаттары үчүн согушкерлер менен жакын мамиледе.

Карзай мындай ырастоолорду Гаагадагы жыйында кайрадан кайталады:

- Террордук коркунучтарды аймактагы өлкөлөрдүн бирдей түшүнүүсүн – туура багыттагы кадам катары сыпаттаса болот. Бирок мындай түшүнүк террорчулук менен күрөштө таасирдүү саясат жүргүзүүгө жана чара көрүүгө салым кошушу керек. Мындан сырткары Ооганстандагы ар бир террорчу менен күрөштө биз аларга баш калканч бербешибиз керек. Биз геосаясий максатка жетүү үчүн экстремисттер колдончу ар бир топту өзүбүзгө тартып, реформалоого же жок кылууга жана террорчулуктун тамырын кыркууга тийишпиз.

Асиф Али Зардари да АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан жана Пакистан боюнча жаңы стратегиясын колдоого алып, Пакистан террорчулук менен күрөштү улантарын билдирди.

XS
SM
MD
LG