Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Пакистан дагы бир төңкөрүшкө бышып калдыбы?


Ооганстанга чектеш, уруулар жашаган аймактарда согушкерлерге каршы жүргүзүлгөн аскерий операциялардын аркасында Пакистан армиясынын мурдагы кадыр-баркы көтөрүлгөндөй болду.

Ооганстанга чектеш, уруулар жашаган аймактарда согушкерлерге каршы жүргүзүлгөн аскерий операциялардын аркасында Пакистан армиясынын мурдагы кадыр-баркы көтөрүлгөндөй болду.

Пакистандагы жагдай дагы бир аскерий төңкөрүшкө бышып калды. АКШдагы Индиана университетинин профессору Жамшид Чокси (Jamsheed Choksy) атайы “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу үчүн жазган комментарийинде мына ушундай көз карашын билдирет.

16 - декабрь күнү Пакистандын Жогорку соту Улуттук элдешүү жөнүндөгү жарлыкты Конституцияга шайкеш эмес деп тапты. Ал документке ылайык, 2007-жылдын октябрында мурдагы аскерий төңкөрүштүн жолбашчысы, кийин президент болгон генерал Первез Мушараф 1986-жылдын январь айынан 1999-жылдын октябрына чейин коррупция жана башка кылмыш иштери боюнча айыпталган саясатчыларга мунапыс берген эле. Эми Жогорку соттун соңку чечими менен балакеттин баары башталчыдай.

Ал чечимдин артынан Пакистандын учурдагы ички иштер министри Рехман Малик коррупция боюнча айыптардын негизинде камакка алынчыдай абалда турат. Дагы бир ыктымал айыпкер, коргоо министри, саясатка армиядан эмес жарандык чөйрөдөн келген Чаудхри Ахмед Мухтарды жакындан өлкөдөн чыгарбай коюшту. Армиянын жана иммиграциялык мекеменин адамдары аны аэропорттон учуусуна жол бербөө менен мындан ары шайланган саясатчылардын буйруктарын укпай тургандыгын айтышкан.
Сот тарабынан ачылган коррупциялык иштер боюнча көрсөтмө берүүгө бийликтеги Пакистан Элдик партиясынын башка аттуу –баштуу мүчөлөрү да милдеттендирилүүдө.

Бийлик кайра генералдарга өтөбү?

Атүгүл эми президент Асиф Али Зардаринин өзүнө карата да коррупция боюнча 12 айыптын негизинде мурда ачылган кылмыш иши кайра жанданышы мүмкүн. Мындан да жаманы - Пакистандын Жогорку соту өкмөткө мурда Швейцарияда Зардариге каршы арам акчаны адалдоо деген айып боюнча ачылган, бирок айыпкердин саламаттыгы начар деген жүйөө менен токтотулган ишти кайра калыбына келтирүүнү суранууну сунуш кылды.

Кезинде “Мырза10%” деген атка конгон Зардарини президент катары азыр Пакистан мыйзамдары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт. Бирок Зардаринин дарегине өз эрки менен кызматтан чегинүү, болбосо четтетилери жөнүндө айтылган чакырыктар барган сайын күчөп жатат. Зардаринин саясий оппоненттери менен жалпы коомчулуктун ага койгон талабы - ишинен майнап чыгара албаган өкмөттү - бийликтен кетирүү. Өкмөттө айрым орун которуштуруулардын жүргүзүлүүсү деле Зардаринин оппоненттерин же коомчулукту жоошута алчыдай эмес.

Армия башчысы Ашфак Кайани президент Зардари менен Жогорку соттун 16-декабрдагы чечиминен кийин жолугушту.


АКШдагы Индиана университетинин профессору, мусулман дүйнөсү, Борбордук Евразия боюнча адис Жамшид Чокси атайы “Азатттык жана Эркин Европа” радиосу үчүн жазган комментарийинде белгилегендей, президент Зардарининин атүгүл үзөнгүдөн бут тайганга чейин эле, өлкөнүн өзөктүк системасын башкаруудагы ролун бошотуп берүүсү - анын бийлиги алсырап бара жатканынын дагы бир белгиси:


- Пакистандагы шарт –жагдай бул жерде жээлүүчү манго өсүмдүгү сыяктуу дагы бир аскерий төңкөрүш үчүн бышып келе жатат. Экономика кескин начарлады, коррупция чайлап- коолап кеткен, террорчулук болсо адатка айланган көрүнүш. Адамдарда өзүлөрү бийликке алып келген чиновниктерге карата ишеним жоголууда. Бул жолу аскерлер курал же танкттарды колдонбоосу мүмкүн. Алар шайланган өкмөттүн өзү баш-аламандыкка сүнгүгөнгө чейин күтүп, андан соң улуттун сактоочулары катары келиши ыктымал. Бирок өлкөнүн сот бийлиги да аны менен эсептешүүнү талап кылган оюнчуга тездик менен айланып бара жатат.

Профессор Жамшид Чокси “Азаттык жана Эркин Европа радиосу” үчүн жазган комментарийинде кошумчалагандай, Пакистан армиясы уруулар жашаган аймактарда, исламчыл согушкерлерге каршы уруштарда жетишкен соңку ийгиликтеринен улам мурдагы кадыр – баркын бир аз калыбына келтиргендей болду. Учурда генералдар өзүнчө бир топ бойдон калууда. Экинчи топ –соттор. Алар азыр өлкөнү каптаган саясий хаостун башкы күнөөкөрү катары каралууда.

Пакистан 1947- жылы өз алдынча мамлекет болгондон бери аскерий төңкөрүштү үч ирээт баштан кечирди. Төрт аскерий лидер өлкөнү жалпысынан 33 жыл башкарды. Бул - өлкө көз карандысыздыкта жашаган доордун жарымынан көбү. Профессор Жамшид Чоксинин көз карашында, Пакистандын куралдуу күчтөрү саясий белгисиздиктер учурунда, ар убак өлкөнү башкаруучу институт катары күтүлүп жана эсептелип келгенин эске алганда, ал учурда демократиянын эсебинен болсо да, тартип орнотуусу үчүн кысымга туш болууда. Анын үстүнө Пакистан коомунун ишкер ортоңку жана батышчыл жогорку катмарына киргендердин көбү армияны улуттук институттардын жарамдуусу жана туруктуусу катары көрүшөт.

АКШнын түйшүгү

Мунун баары Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жакында эле “демократияны колдоо жана өнүгүүгө көмөктөшүү биздин адам укуктары боюнча 21-кылымдагы ишибиздин борбордук багыты ” деп жарыялаган АКШнын иштерин татаалдаштырат. АКШ - Пакистандын башкы өнөктөшү жана донору.

“Демек, дүйнөдө демократияны жана адам укуктарын колдоо боюнча жалпыга таанылган максатына карабай, АКШнын азыркы администрциясы жакында Пакистандын тартип орнотуу аракетинде генералдар тарабынан башкарылган мыйзамсыз өкмөтүн кабыл алуу зарыл деп табылгыдай жагдайга кириптер болушу мүмкүн”, -деп жазат өз комментарийинде Индина университетинин профессору Жамшид Чокси.

P.S. Макалада айтылган пикирлер профессор Жамшид Чоксинин өзүнө гана таандык, сөссүз эле “Азаттыктын” көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG