Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

“Нью-Йорк таймс” гезити Пентагон Пакистандын айрым аймактарында аскери операцияларын кеңейткени жатканын маалымдады. Бул кабарды Исламабад өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү байкоочулар кооптонуп кабыл алышты.

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясындагы козголоңчулардын сыйынт-чептерине ракетадан сокку уруу мүмкүнчүлүгү Ак үйдө караштырылып жатканын “Нью-Йорк таймс” гезити шейшемби күнү кабарлаган эле. Буга дал ушул аймакта, айрыкча Кветта шаарынын чеке-бакасында “Талибандын” жетекчилери жашырынып жатканы тууралуу маалыматтар жүйөө болду.

Басылма ырастагандай, Пентагондун стратегдери президент Обамага ЦРУнун учкучу жок аппараттарын пайдаланып, талиптер менен ”ал-каидачылардын” төбөлдөрүн тындым кылып таштоо керек деп кеңеш берип жатышыптыр.

“Биз бу кабарды окудук, бирок ал гезиттин чайкоочулук кылган жаңылыгындай көрүнөт, андыктан аны комментариялаштын кажети жок”,-деп билдирди Исламабадда тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Ал эми өлкөдөгү стратегиялык башкы аналитиктердин бири, отставкадагы генерал Талат Масуд “Нью-Йорк таймстын” маалыматын өтө дүмөктүү кабар деп баалады.

Белужистан коңшулаш Ооганстандын Гилменд, Кандагар, Урузган, Забул сыяктуу коогалуу провинцияларына жуук турат. Бул жерде алачыктарда, чатырларда миңдеген ооган качкындары жашайт. “Талибандын” лидерлери аларга аралашып, баш калкалап жатканы чын экенин ырастап, Масуд эгер аларга сокку урулса, анда карапайым калк арасында чыгымдар көп болорун, бул жалпы пакистандыктардын жаалын кайнатарын эскертти.

Козголоңчулар канчалык көп сокку жесе, алар сүйлөшүүлөргө ошончолук бат макул болот, анын үстүнө калк “Талибандын” алсыздыгына көзү жетет жана жергиликтүү бийликтерге жан тартып калат деп эсептегендерди Масуд чолок ойчуларга теңештирди.

Нангархар провинциясынын губернатору Гүл Ага Шерзай да америкалыктардын мындай тактикасы Ооганстан менен Пакистан жеринде кырдаалды ого бетер курчутат деп ишенет. Ал жакында эки өлкөдөгү пуштундардын таасирдүү лидерлерин чоң курултайга чакырып, тынчтык процесссине тартканы жатканын кабарлады.”Уркташ-уруулаш тайпалардын өз ара кырдыбычагын тыйып, тынчтыкка жеткенден башка бизде жол жок, бери эле дегенде биз пуштундардын бир-бири менен согушканын токтоткубуз келет”, -деп билдирди губернатор.

Ушу кезге чейин учкучу жок аппараттардын жардамы менен америкалыктар “Ал-Каиданын” эң коркунучтуу делинген 20дай төбөлүнүн тогузун жок кылышты. Өткөн жылдын августунан бери алар мерчемдүү буталарга отуз беш ирет сокку урушту, мунун айынан 340тай киши мерт болду.

Обама бийликке келгенден бери учкучу жок аппараттар Пакистан аймактарына алты ирет жапырык жасашты. Ырасмий Исламабад мунун баары өлкөнүн суверенитетин бузуп, калкты америкалыктарга каршы тукуруп жатат деп ырастап келатат.
XS
SM
MD
LG