Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:01

Белужистандагы козголоң ири аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келеби?


Белужистан аймагындагы көтөрүлүш Пакистан, Ооганстан, Иран жана Перс булуңундагы өлкөлөрдү камтыган ири чөлкөмдө кырдаалдын кайра курчушуна алып келди. Аны менен кошо аймакта бейпилдикти сактоо аракеттерине да терс таасирин тийгизгендей көрүнөт. «Азаттыктын» серепчиси Абубакр Сыдык эмнеге бул жакыр чек ара аймагындагы кырдаал аны курчаган жана четтеги айрым өлкөлөрдүн бүйүрүн кызыткан кептин бутасына айланганын түшүндүрүп берген.

Тарыхый Белужистан аймагындагы козголоңдор дүйнөлүк коомчулуктун Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине чоң кесепетин тийгизди. Ашынган саясатчы топтор менен улам артып бараткан жакырчылык Белужистан аймагын улам кооптуу аймакка айландырууда.

Аймактагы кагылышуулар Индия, Иран, Ооганстан жана Пакистандын ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизүүдө. Көбүнесе бул экономикалык жана отун-кубат тармагындагы кызматташтыкка кедерги болуп жатат.

Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлеринин өткөн жумадагы жолугушуусу натыйжасыз аяктаганы таңкалыштуу эмес. Коомчулук Белужистанды Кашмир аймагына салыштырып, эки тараптуу мамилелердин көйгөйлүү маселесине айланганын белгилешүүдө.

Пакистандын тышкы министри Шах Махмуд Куреши бул сүйлөшүүлөргө жогорку баа берип, мындай жолугушуулар болочокто уланаарын белгиледи.

Куреши мырза Белужи аймагындагы жикчилерге расмий Делинин жардамы тууралуу да талкуу жүргөнүн айтты.

- Индиянын тышкы министринин билдирүүсүн шыктандыраарлык деп эсептейм. Ал: «Индия Пакистанда туруксуздукту каалабайт жана Белужистан да анын ичине кирет» деп айтты.

Белужистан аймагындагы дүрбөлөң кырдаал Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерге гана залакасын тийгизген жок. Өткөн жумада Иранда 27 адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин, Иран бийлиги Пакистанга шектенүү менен мамиле кылууда. Себеби Тегеран жардырууга жоопкерчилик алган өздөрүн «Кудайдын аскерлери» деп атаган экстремисттик топ Пакистанда жашырынып жатат деп ишенет.

Пакистандык белгилүү жазуучу Ахмед Рашид Белужистандагы кырдаалды талкуулап жатып, алты жыл бою тынчыбаган Белужистан Ооганстанга да кедергисин тийгизе баштады деген оюн айтты.

- Бул аймак Ооганстан менен чектешкен өтө узак чектешет. Белужистан, албетте, Пакистанга кирет, бирок теги белужи болгон бир катар диссиденттер азыркы Кабулдагы секулярдык өкмөттүн гана түгүл? Индия менен Ирандын да колдоосуна ээ болуп жаткандай. Ал эми Пакистан болсо Белужистанды оогандык талиптердин өргүү жайы катары пайдалангысы келет. Чын эле ал жерде да талиптер жайгашкан.

Белужистан Пакистандын эң чоң аймагы болгону менен, ал жакта жашаган элдин саны өтө эле аз. Расмий Исламабадга каршы жикчи белужилердин козголоңу маалында миңдеген карапайым жарандар, козголоңчулар жана өкмөттүк жоокерлер каза тапкан. Козголоңчулар Исламабадды ал жактагы кен байлыктарды пайдаланып, бирок жергиликтүү элди жакырчылыкта кармады деп күнөөлөп келет.

Быйылкы көтөрүлүш 63 жылдык тарыхы бар эгемен Пакистандын тарыхындагы белужилердин бешинчи ири көтөрүлүшү.

Ахмед Рашиддин оюнча, расмий Исламабад көтөрүлүштү аскерий күчтөрдү колдонуп басканга аракет кылаары бышык.

Ал эми талиптер үчүн Белужистан маанилүү аймак, себеби алар Белужистанда туруп, Индиянын Ооганстанга болгон таасирин азайтууга аракеттенишет.

- Келээрки жылы Америка өз аскерлерин Ооганстандан чыгарар менен ал жак кооптуу болуп калчудай. Белужистан да тынчыбаган аймакка айланаарына көзүм жетип турат.

Ардагер журналист Сыдык Балоч Белужистан аймагы эмне себептен геосаясатта өтө маанилүү аймак болуп калганын «Азаттыкка» мындай деп түшүндүрдү.

- Белужистан Түштүк, Борбордук жана Алдыңкы Азиянын жерлерин тепчип турат. Аны курчап турган мамлекеттерге Белужистан аябай маанилүү жер болуп саналат. Ал аймакты кайсы өлкө көзөмөлдөсө, ошол өлкөнүн таасири да ири чөлкөмдө үстөмдүкчү болот.

Негизинен көчмөн турмушту баштан өткөргөн сегиз миллиондон ашуун белужилердин көпчүлүгү жакырчылыкта жашайт. Көптөгөн жылдар бою белужилер Иран менен Пакистан тарабынан өкмөттүк кодулоолорго кабылып келген.

Белужи эли ушул убакка чейин алардын жашоосу «мамлекет үчүн ар кандай кен байлыктан артык болгон күн качан келээр экен?» деген үмүттө жашап келет.
XS
SM
MD
LG