Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Исламабадга юристтер жөө жүрүш жасап келатышат


Пакистан -- Карачиде экс-премьер Наваз Шарифтин тарапкерлери юристтердин "коноо жүрүшүнө" кошулушту.12-март 2009-жыл.

Пакистан -- Карачиде экс-премьер Наваз Шарифтин тарапкерлери юристтердин "коноо жүрүшүнө" кошулушту.12-март 2009-жыл.

Пакистанда бейшемби күнү юристтердин “коноо жүрүшү” менен оппозициянын жалпы улуттук нааразылык акциялары башталды. Жүрүшкө чыккандар дүйшөмбү күнү Исламабадда жолукканы жатышат.

Юристтердин төрт күндүк “коноо жүрүшү” Карачи менен Кветтадан башталды. Аларга экс-премьер Наваз Шарифтин тарапкерлери кошулду. Өлкөнүн чар тарабынан жүрүшкө чыккандар дүйшөмбү күнү Исламабадда кезигишип, президенттик сарай алдында отурма митинг уюштурганы жатышат.

Түштүктөгү Кветта шаарынан юристтердин жүрүшүн Исламабадга өлкөнүн жогорку сотундагы адвокаттар коллегиясынын президенти Али Ахмад Курд баштап келатат. “Юристтердин кыймылы күрдөөсүнө жетти, кудайга шүгүр, көрүп турасыңар, бизге жүздөгөн, миңдеген адамдар кошулуп жатат. Кудай буйруса, Исламабадга жетип,башка тараптан келише турган миңдеген досторубуз менен чогулуп, мандаш уруп, митинг өткөрөбүз. Кудай буйруса, көрөсүңөр, башкы судья Чаудри,калган судьялардын баары кайра кызматына коюлат”,- деп билдирди Курд “Азаттыктын” кабарчысына.

Жүрүшкө чыккандар: “Ифтихар!”,”Ифтихар!” – деп ураан чакырып баратышат.

Ифтихар Чаудри жогорку соттун төрагасы болгон. Мурдагы президент Первез Мушарраф аны, ага кошо жогорку даражадагы 60тай судьяны 2007-жылы кызматтан алган. Бул бүткүл өлкөдө нааразылык туудуруп, анын арты акыры Мушаррафтын бийликтен кетишине алып келген. Азыркы президент Асиф Али Зардари шайлоо маалында судьялардын баарын кайра кызматка койгонго убада берген. Бирок айткан сөзүн алиге чейин аткарган жок.

Жергиликтүү эксперттер Зардари мындай кадамга барбайт дешет. Эгер барса, анда судьялар экс-президент Мушаррафтын мурдакы жылы өлкөдө чукул абал киргизгенин, буга кошо Зардаринин өзүнүн бир кездеги коррупциялык иштерин териштирип кириши ыктымал.

Юристтердин талабын экс-премьер Наваз Шариф колдоду жана өз тарапкерлерин алардын жүрүшүнө кошулууга чакырды. Быйыл февралда сот Шарифке жана анын иниси Шахбазга мамлекеттик кызматтарда турууга тыюу салган эле. Ушундан пайдаланып, президент Зардари оппозициялык лидердин инисин губернаторлуктан алып, Пенжаб провинциясына президенттик башкаруу киргизген. Жалпы улуттук акцияга ушул окуя да шылтоо болуп берди.

Асиф Али Зардари бийликке келген соңку жарым жыл ичинде Пакистанда саясий, экономикалык кырдаал начарлап, өлкө барган сайын кризистин иримине тартылып баратат. Түндүк-батыштагы Пешавар шаарындагы юристтердин лидери Камран Ариф жаңы өкмөт тушунда эч нерсе өзгөрбөгөнүн, эл мындан улам жаңы бийликтен абдан көңүлү калып, нааразылык аракеттерге өткөнүн белгиледи. Юристтер болсо өлкөдө көз карандысыз сот системасы болушун каалашат.

Өлкөдөгү эң ири эки саясий жамааттын - Пакистан мусулман лигасы (Шарифтин фракциясы) менен Пакистан элдик партиясынын тиреши эки ортодо экстремисттик күчтөрдүн көөлүсүнө суу куюп бериши мүмкүн.

Бийликтер массалык акцияларды борборго жеткирбей, элетте басканга кирише баштады. Исламабад жабылды, адамдар атайын уруксат менен гана шаарга кирип-чыгып калышты. Карачиде полиция жүрүшкө жана митингге чыккандарды ур токмокко алып, кууп таркатканга аракет кылды. Оппозициянын жана юристтердин 60тай активисти камалды. Буга деле болбой өлкөнүн туш-тушунан Исламабадды көздөй адамдар жөө-жалаңдап жүрүш жасап, ууруп-чууруп жапырып келатышат.
XS
SM
MD
LG