Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Пакистандык талиптердин жыйынында ок атылды


Пакистанда Байтулла Мехсуддун үйүн бутага алган аба соккусунан далай турак жай кыйрады. 5-август, 2009-ж.
Пакистанда Байтулла Мехсуддун үйүн бутага алган аба соккусунан далай турак жай кыйрады. 5-август, 2009-ж.

Пакистандын бийликтери жаңы жетекчисин тандаганы чогулган Талибан командирлери өз ара ок атыша кеткенин кабарлашты.

Пакистандын Ички иштер министрлиги Мехсуддун ордун талашкан эки атаандаш ортосунда уруш чыгып, тараптар бири-бирине ок атып, кеминде бир талапкер тындым болгонун кабарлады. Талибан тарап бул маалыматтарды четке кагып, атүгүл АКШнын аба соккусунан экинчи аялы менен кошо өлдү деп кабарланган Байтулла Мехсуд өлбөй эле тирүү экенин далилдеген видеотасма жакын арада таратылаарын эскертти.

Исламабаддык расмий маалымат каражаттарына ишенсек, Пакистандык талиптердин эрегишчил эки тобун жетектеген Хакимулла Мехсуд менен Вали-ур Рехман чатакташа кетип, жума күнкү жыйын ок атышуу менен аяктаганын Түштүк Вазиристандын полициясы каттоого алган. Пакистандын ички иштер министри кийинчерээк бул маалымат дагы такталышы керектигин кошумчалады. Анан калса, Батышта пакистандык талиптердин лидери мерт болду деген кабар кеңири чагылдырылганы менен, Байтулла Мехсуддун өлүмүн тастыктаган далилдер да табыла элек.

Исламабаддын көчөлөрүндө биздин кабарчынын суроосуна жооп берген катардагы тургундар карама-каршы мазмундагы маалыматын чын-төгүнүн ажыратыш кыйын болгонун айтышат. Телефон компаниясында иштеген Мохаммад Иршад талиптердин жетекчиси өлүү же тирүү экени белгигиз деген пикирде.

- Кээ бир кишилер ал тирүү деп жатышат, башкалары өлдү дешет. Гезиттер ал жок кылынды деп жарыялашты. Деги кимге ишенээриңди билбейсиң, башыбыз маң болуп калды.

Банкта иштеген Мухаммад Хафиз талиптердин бир, же эки жетекчиси тындым болсо деле кырдаал өзгөрбөйт деп эсептейт.

- Менимче, биздин өлкө терроризмден биротоло тазаланып, бул көрүнүш тамыры менен жулунуп жок болмоюнча, бүгүн бир Байтулла Мехсудду өлтүрсө, эртең анын ордуна 10 Байтулла Мехсуд төрөлөт.

АКШ “Ал-Каиданын” Пакистандагы башкы жөлөгү атаган Мехсуд – Пакистан өкмөтү издөө салган эң кооптуу кылмышкер саналат. Расмий Исламабад Байтулла Мехсуд 2007-жылы экс-премьер министр Беназир Бхуттону өлтүрүү ишин уюштурган деп күнөөлөп, анын башы үчүн 600 миң АКШ долларын байгеге сайса, АКШ жыл башында аны өлтүрүп, же таап берген кишиге 5 млн доллар төлөнөөрүн жарыялаган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG