Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Гонконг-Бишкек-Стамбул авиакаттамы сентябрдан бери 52 жолу учкан


Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында 2016-жылдын сентябрынан бери 52 жолу учак каттамы аткарылды. Жумасына 2-3 жолдон учуп турган. Алар Кыргызстандан коммерциялык эмес конуу багытында уруксат алган. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн өкмөттөгү маалымат жыйынында билдирди.

Түркиядагы АСТ Airlines авиакомпаниясы буга чейин Бишкекке 52 жолу жүк ташыганын, кулаган учактагы жүк да Бишкекке келатканын билдирген эле. Бирок кыргыз тарап муну четке кагып, жүктөр Стамбулга баратканын ырастоодо.

Өкмөттүн жүйөсүндө Бишкектин четиндеги Дача айылына кулаган “Боинг-747-400” учагы май куюу жана экипаж алмаштыруу максатына конгону келатып кырсыкка учураган.

38 өмүр кыйылган апаатты эл аралык комиссия иликтеп жатат. Парламентте бүгүн түзүлгөн депутаттык комиссия жүктүн чоо-жайын териштирет. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG