Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Жогорку Соттун чечими президент Зардаринин атаандаштарына күч берди


Пакистандык соттор Жогорку Соттун төрагасы Ифтикар Мохаммед Чоудринин Улуттук элдешүү жөнүндөгү декретти жокко чыгарган чечимин колдошуп, президент Зарданини отставкага кетүүгө чакырышууда. Исламабад. 16-декабрь, 2009

Пакистандык соттор Жогорку Соттун төрагасы Ифтикар Мохаммед Чоудринин Улуттук элдешүү жөнүндөгү декретти жокко чыгарган чечимин колдошуп, президент Зарданини отставкага кетүүгө чакырышууда. Исламабад. 16-декабрь, 2009

Пакистандын Жогорку Cоту өлкө президенти Асиф Али Зардари жана анын көптөгөн союздаштарына мунапыс берген декретти жокко чыгарды.

2007-жылкы бул декрет пара алды жана жемсөөлүккө аралашты деген жүйө менен кылмыш ичи ачылган оппозициячыл саясатчыларды, анын ичинде бир нече министрди жоопкерчиликтен куткарган эле. Пакистандын негизги оппозициячыл партиясы Зардарини жана анын өкмөтүн отставкага кетүүгө чакырды.
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари БУУнун Генералдык ассамблеясында сүйлөөдө. 25-сентябрь 2009


Жогорку сотунун Улуттук элдешүү жөнүндөгү декрети Конституцияга ылайыксыз деп жарыялоосу Пакистандагы кырдаалды дагы татаалдантат. Бейшемби күнү негизги оппозициячыл партия - Мусулман лигасы президент Зардари башындагы кабинеттин кызматтан кетүүсүн жана парламентти таркатууну талап кылды.

Жогорку Соттун мүчөсү Абдул Хафиз Пирзада береги чечим өлкөнү терең саясый өзгөрүүлөргө алып барат деген пикирде:

- Бул - жалпы Пакистан элинин, өзгөчө элдин жарды жана басмырланган бөлүгүнүн жеңиши. Себеби бул улуттун байлыгын, бийлигин пайдаланып талап-тоногон адамдарга байланыштуу чечим. Биз улутту бириктирчү, чыныгы улуттук биримдикке алып барчу эволюциялык жараянды баштадык.

2007-жылы октябрда ал кездеги президент Первез Мушарраф чыгарган береги декрет Пакистан элдик партиясы - ПЭПтин төрайымы Беназир Бхуттого өлкөгө келип, парламенттик шайлоого катышуусуна жол ачкан. Декабрда Беназир Бхутто террордук кол салууда курман болгондон кийин, партияны Бхуттонун күйөөсү Зардари жетектеп калат жана 2008-жылдын сентябрында президент болуп шайланат.

Улуттук элдешүү жөнүндөгү декрет Конституцияга каршы келет деп, Жогорку Сотко жөнөтүлгөн петициянын демилгечиси доктор Мубашер (ортодо) жана адвокат Абдул Хафиз Пирзада (солдо) Жогорку Соттун алдында кабарчылардын суроолоруна жооп беришүүдө. 17-декабрь 2009
1996-жылы Беназир Бхутто башында өкмөт отставкага кетирилгенде, өкмөт мүчөсү катары Асиф Али Зардари да кызматтан кетип, көп узабай жемсөөлүк кылды жана пара алды деген айып менен бир жылга жакын абакта отурган. Бирок бул жалаалар сотто тастыкталбаган. Бхутто менен Зардаринин жактоочулары айыптоону саясый заказ деп аташкан.

Зардаринин өкүлү Фархатулла Бабар 17-декабрда кабарчыларга Пакистан элдик партиясы Жогорку Соттун чечимин сыйлаарын, бирок партия кол куушуруп отуруп калбасын билдирди:

- ПЭП мурда да кыйынчылыктарды баштан кечирген, келечекте да кыйынчылыкка туруштук бере алат. ПЭП корпойт, анын жетекчилигин эч ким коркута албайт. Биз бул кыйынчылыктар менен кантип күрөшүүнүн жолун билебиз.

Зардаринин тарапкерлери ошондой эле Конституциянын 248-беренесин бетке кармап коргонушмак болушууда. Бул берене президент, премьер-министр, губернаторлор бийликте турганда аларды жоопко тартууга уруксат бербейт.

Пакистандагы саясый кризис Зардаринин өкмөтү талиптерди алар контролдогон Ооганстанга чектеш аймактардан сүрүп чыгуу үчүн катуу аракеттенип жаткан кезге туш келди. 12-декабрда премьер-министр Гилани армия Түштүк Вазирстанда талиптерге каршы операцияны аяктаганын, азыр Оракзай регионундагы талиптерге каршы согуш ачуу маселесин талкуулап жатканын билдирген.
XS
SM
MD
LG