Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Пакистандык юристтердин айтымында, өлкөнүн Ооганстан менен чектеш аймагына Ислам мыйзамдарын орнотуу тууралуу келишим, жергиликтүү сотторго парламенттик мыйзамдарды четке какчудай чексиз бийлик бериши мүмкүн.

Ошондой эле өкмөт менен согушчандардын мындай келишими – аймакта талиптердикиндей мыйзамдардын орношуна, анын ичинде аялдардын ар дайым чүмбөттөлгөн мусулман кийимин кийип, саякатка жакын эркек тууганысыз чыга албай калышарына алып келет дешет.

Пакистандын Сват өрөөнү менен Малаканд облусуна шарият мыйзамдарын киргизүүгө уруксат берүү маселесине кайрылган юристтер, мындай жагдай жергиликтүү сотторго чексиз бийлик берерин айтышууда. Мындай келишим ушул аптада Пакистандын Түндүк Батыш аймагынын чиновниктери менен Сват өрөөнүндөгү талибанчыл согушчандардын ортосунда жетишилген.

Пакистандын баш мыйзамы, бардык мыйзамдар Исламдын принциптерине жооп берүүсүн талап кылат. Бирок бул – Британ оторчулугу мезгилиндеги кылмыш кодекстеринин сакталып калышына жолтоо болгон эмес эле. Пакистандык журналист Имтизар Гүлдүн айтымында, азыркы сот системасынына ыраазы болбогон Түндүк Батыштын эли ислам сотун киргизүүнү талап кылууда:

- Негизи эле Пакистанда англосаксондук кылмыш кодекси колдонулат. Биз азыр Исламдагы шариятында каралгандай сот системасын колдонуу жөнүндө сөз кылып жатабыз.

Ошондой эле Гүлдүн пикиринде, соттун милдетин аткарчу казылар Пакистандын баш мыйзамын четке кага алышпайт. Анткени, жогорку баскычтагы сотторго арыздануу жараяны улана берет.

Бирок Пакистандын сот адистери, мындай жагдайда жергиликтүү соттордун таасири өсөт, аларга ашыкча бийликке ээ болот деп чочулашууда.

Пешаварлык адвокат жана укук коргоочу Камран Арифтин айтымында, эгер Малаканд облусундагы жергиликтүү соттор исламга ылайык эмес деген шылтоо менен мыйзамдарды четке кага башташса Пакистандын баш мыйзамы бузулмат:

- Биз эми төмөнкү баскычтагы сотторго кошумча ыйгарым укуктарды бере баштадык. Алар – мусулмандык сот адилеттиги кандай болушу керектигин аныктайт. Эми алар мыйзамды Исламга туура келбейт деп тапса, аны жаратпай салышы мүмкүн. Менимче бул – баш мыйзамдын чегинен чыккандык.

Ошентсе да, коопсуздук боюнча адистердин айтымында, Сват өрөөнүндө таптакыр сүйлөшүүгө баргысы келбеген да күчтөр бар. Эгер алар өкмөттүк күчтөр менен урушун токтотпосо, шариат мыйзамы боюнча келишим ишке ашпай да калышы ыктымал дешет.
XS
SM
MD
LG