Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Пакистанда талиптер тактикасын өзгөрттү


Пакистан - Равалпиндиде армия штабына болгон чабуулдан кийин. 10-октябрь, 2009-ж.
Пакистан - Равалпиндиде армия штабына болгон чабуулдан кийин. 10-октябрь, 2009-ж.

Пакистан армиясынын башкы штабы менен аскердик кербенге куралдуу чабуул жасалгандан кийин Ооганстан менен чектеш эки чөлкөмдө согушкерлердин шектүү жайларына абадан сокку урулду.

Пакистандагы талиптер кыймылы өткөн ишембиде армиянын башкы штабына жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Кыймылдын басма сөз өкүлү Азам Тарик жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарына телефон чалып, “чабуул талиптердин Пунжабдагы канаты тарабынан уюшулду, мындан ары да өз азапкорлорубуз үчүн өч алууну улантып, дагы далай кол салууларды ишке ашырабыз”, - деген кабар таратты.

12-октябрдын таңында Пакистан бийликтери Ооганстан менен чектеш Бажаур жана Түштүк Вазиристан чөлкөмдөрүндө күчөтүлгөн аба соккуларынан 26 согушкер жок кылынганын маалымдашты. Ал жердеги чабуулдар жекшембинин таңында башталган, Исламабад бул пакистандык согушкерлерге каршы ири операциянын башталышы экенин айтат. Пакистан армиясынын генералы Атар Аббас дүйшөмбүдө куралдуу күчтөрдүн башкы штабы жайгашкан Равалпинди шаарында журналисттерди соңку жаңылыктар менен тааныштырды.

- Өкмөт Пакистандагы чабуулдардын, жанкечтилердин жардыруулары жана башка теракттардын 80%ынын артында талибан кыймылы турат деп ишенет. Ошондуктан талиптердин уюткусуна айланган Түштүк Вазиристанда кеңири аскердик операция баштоо чечими кабыл алынды.

Генерал Аббас маалымат берген Равалпиндиде өткөн ишембиде армиянын башкы штабына аскердик кийимчен согушкерлер кол салып, 20 сааттай созулган кагылышуудан армиянын 12 жоокери, 4 катардагы кызматкер, 4 офицер жана чабуул койгон 10 жоочунун тогузу мерт болгон.

Пакистандыктар кол салуу буга чейин тынчыраак жай саналган Равалпиндиде болгонуна сестене түшүштү. Ал чабуулдун түтүнү тарай электе дүйшөмбүнүн таңында Пакистандын түндүк-батыш тарабында аскердик кербенге чукул жерде жанкечти бомба жардырып, 32 киши жантаслим болду. Окуя жаздан бери пакистан армиясы талиптерге каршы урушуп жаткан Сват өрөөнүнө чукул жерде орун алды.

Соңку эки жумадан бери улам бир жерде кандуу чабуулдар күчөдү, андан улам Пакистандык эксперттер улам бир аймакта аскердик операция өткөргөндүн ордуна бүткүл өлкөнү камтыган кеңири стратегия иштеп чыгуу зарыл деген пикирин айтышууда. Исламабаддык окумуштуу, публицист Абдул Хамед Найар жалпы тактика өзгөрмөйүнчө жагдай кооптуу бойдон кала берет деп ишенет.

Найардын айтымында, согушкерлер азыр уруучул аймактар менен чектелбей калды. Аларды Түштүк Пунжаб, Карачи, Синдх, Исламабад жана башка бардык шаарларда кездештирүүгө болот. “Аларга калк арасында колдоо көрсөткөн бир калың катмар пайда болду. Эл аларга керектүү учурда зарыл нерсесин таап берип, көмөк көрсөтүүдө”, - деп кошумчалайт публицист.

Пакистандагы кырдаал кыйла татаалдашып кеткенин моюнга алган аскерий адистер да өлкөнүн Ооганстан менен чектеш чөлкөмдөрү менен чектелбей, жалпы стратегияны тезинен кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG