Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Пакистанда "Талибанга" каршы коомдук пикир копшолуп келатат


Пакистан -- Сваттан тургундар тынбай кетип жатат. Эл аралык Кызыл Чырым уюму аймакта гуманитардык кризис "ыкчамдап" баратканын эскертти.
Пакистан -- Сваттан тургундар тынбай кетип жатат. Эл аралык Кызыл Чырым уюму аймакта гуманитардык кризис "ыкчамдап" баратканын эскертти.

Пакистан армиясы Сват өрөөнүндө талиптер менен чоң кармаштарга камынып жаткан маалда козголоңчуларга каршы өлкөдө коомдук пикир да активдеше баштады. Байкоочулар муну чечүүчү фактор деп аташууда.

Сваттан жана ага чектеш Малаканда аймагынан соңку апталарда миңдеген адамдар качып чыкты. Эл аралык Кызыл Чырым уюму бул үркүндү гуманитардык кризистин "ыкчамдашы" катары сыпаттады.

Өз үй,өлөң жайынан үрккөндөр арасында орто жаштан ооп калган мугалим Рехмат Шах да бар эле.

"Башыбызга мүшкүл түшпөсө бу жерге качып келет белек? Ийнибизге үйрүп салар кийимден башка эчтемебиз калган жок. Жөө-жалаңдап жүрүп отурдук. Абышкалар, жаш балдар менен кыздар жолду ката буту жооруп, баса албай калышты",-дейт ал үркүн маалындагы азап-тозогун баяндап.

Пакистанда коомдук пикирдин тараза ташы "Талибанга" каршы акырындап оой баштаганы быйыл жыл башында байкалган. Ошентсе да элдин көпчүлүгү талиптердин Вазирстанда жана башка аймактарда жасаган иштеринен беймаалым калышкан. Калкка алар тууралуу кеңири кабарлаган маалымат каражаттары да болгон жок. Караламан эл балакет-балааматтын баарын баштагыдай эле АКШдан,анын Батыштагы союздаштарынан көрүп жүргөн.

"Сваттагы окуялар баарын кескин өзгөрттү", - дейт Пешавар университетинин профессору Ижаз Хан. Бу жерде түзүлгөн келишимге жараша талиптер куралдарын таштап,тек гана шариат жолу менен тынч турмушка өткөнгө милдеттенишкен. Бирок алар куралсызданмак түгүл өздөрүнүн амирин башка аймактарга да жайылтканга киришип, жергиликтүү калкты каарып-кууруп киришти.Каяша кылгандарды үйлөрүнөн кууп чыгышты.

"Адамдар эми мунун баары алардын жашоосуна тикелей коркунуч экенин, ал алыста эмес, босого алдында турганын көрүштү. Мына ушул себептен калк аларга таптакыр башкача карай баштады",-дейт профессор Хан.

Байкоочулар Пакистанда коомдук пикирдин натыйжасын так аныктоо кыйын дешет. Ошентсе да айрым көрүнүштөр коомчулук талиптерге каршы козголо баштаганын ишаара кылууда.

Ушул аптада Исламабадда сүннүлөрдүн саясий партиясы чакан митинг өткөрүп: "Пакистанды биз түзгөнбүз, Пакистанды биз сактап калабыз!" – ураан-чакырык салышты. Эми алар жалпы өлкө боюнча талиптерге каршы жыйындарды өткөрүүнү пландап жатышат.

"Биздин талабыбыз бирөө: өкмөт аларга токтоосуз тыюу салышы керек. Алар Американын агенттери. Баарын тыйпыл кылуу керек, бейжазык адамдарга азар көрсөткөнү үчүн алар катуу жазаланууга тийиш!",-деп билдирди бул топтун лидери.

Мунун өзү коомдук пикир дале көп жагынан антиамерикалык маанайда экенин каңкуулайт. Калк эми анын катарына талиптерди кошо баштагансынат.

Пакистан өкмөтү бул жагдайды пайдаланып калуу үчүн мусулман өлкөлөрүнөн, атүгүл Меккенин өзүнөн абройлуу ислам аалымдарын чакырып, коомдук пикирди террорчу-жанкечтилерге,"Талибандын" башка да тарапкерлерине каршы бурууну көздөп жатат.

Профессор Хан мындай аракет өзүн акташы ыктымал деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG