Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Пакистанда полиция академиясына кол салынды


Лахор -- Полиция академиясына атайын даярдыктагы күчтөр келди.
Лахор -- Полиция академиясына атайын даярдыктагы күчтөр келди.

Пакистанда террорчулар Лахор шаарынын четинде полиция академиясына кол салышты. Акыркы маалыматтарда кагылышта 40тай адам окко учканы,сексен чактысы жарадар болгону айтылууда.

Полиция академиясынын машыгуу борборуна кол салгандардын саны тактала элек. Айрым кабарларда алардын ондон ашык экени айтылат, экинчилери алардын саны 20дай бар дешет.

Жарадар болгондордун бири ырастагандай, болжол менен эрте мененки саат жети жарымдарда курсанттар аянтта катарга тизилип жаткан учурда полиция формасын кийинген жоон топ киши коргондон ашып түшүп, төрт-беш колбомба ыргытышты,андан соң жабылта аткылап киришти. Курсанттар кымкуут түшүп качып беришти. Аерде эптеп аман калган төрт курсантты соопкерчилик уюмдардын бири куткарып алган.

Жарадар болгон курсанттардын дагы бири кол салгандар “сакалын өстүргөн өңчөй жаш жигиттер экенин“ байкап калган.

Экстремисттер кол салган маалда имарат ичинде 700дөй курсант болгон дешет. Алардын бир тобун террорчулар барымтага алып,кийин армиянын жана полициянын атайын даярдыктагы отряддары келип,айыгышкан уруштар тутанганда аларды кое беришкен. Атышуу маалында экстремисттерден эки киши өлгөнү жөнүндө маалымат бар.

Өлкөнүн ички иштер министри Рехман Малик бүгүнкү окуяны “террордун жаңы толкуну“ деп атады. Армияда, аскерлештирилген башка бөлүктөрдө кесипкөйлүк камылгасы мыкты адамдар көп экенин айтып,министр бийликтер кырдаалды өз көзөмөлүндө кармап турарына ишендирди.

Жергиликтүү журналисттердин жана укук коргоочулардын бири Рехман өлкө азыр радикал экстремисттерге толуп кеткенин,полиция академиясына кол салгандар артында “Ал-Каида“ менен “Талибан“, Пакистандын өзүндөгү уюмдар турганын, алар можахеддердин даярдап, бүт дүйнөгө аттанттып жатканын бу жерде баары билет деп кабарлады.

Окуя үчүн жоопкерчиликти азыр эч ким өзүнө ала элек.

Оппозициядагы экс-премьер Наваз Шарифтин мусулман лигасы партиясынан Хавай Имран террорго каршы күрөштө Пакистанда бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. “Террорчулар өзгөчө Пенжабга толуп алышты, алар жалпы Пакистанга жайыла электе тез арада тийиштүү чараларды көрүү керек“,-деп айтты ал. Бул жагынан соңку жети-сегиз жылдагы өкмөттүн саясатын Имран таптакыр жараксыз деп баалады.

Экстремисттер мындан бир ай мурда да дал ушул Лахордо крикет оюну боюнча Шри-Ланканын курама командасына кол салып, кагылыш маалында алты полицмен окко учкан эле.

Өткөн аптада болсо Пакистандын түндүк-батышындагы Жамруд районунда жанкечти-террорчу мечитте жума намазга жыгылганы келгендер арасында бомба жардырып, 70тей кишини жер жазданган болчу.

XS
SM
MD
LG