Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштелүүдө


Сирия.
Сирия.

Кыргызстанда террорчулук жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштеле баштады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 7-декабрда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тиешелүү орган жетекчилери менен аталган программаны талкуулады. Анын жүрүшүндө коомдогу, айрыкча жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу чаралары көрүлүшү керектиги айтылды. Жыйынтыгында программаны иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, аны Жеңиш Разаков жетектей турган болду.

Расмий маалымат боюнча, кыргызстандыктар көбүнчө интернет аркылуу Сирия жана Ирактагы террордук топторго азгырылып жатат. Азыр ал жакта жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дүн тегерегинде. Алардын жүзгө жакыны мерт кетти.

XS
SM
MD
LG