Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Пакистан: Хакимулла Мехсуд кайра тирилди


Талип жанкечти БУУнун Азык түлүк агенттигинин Исламабаддагы кеңсесинде бомба жардыргандан кийин коопсуздук кызматтары жана тез жардам көмөккө келди. 5-октябрь.
Талип жанкечти БУУнун Азык түлүк агенттигинин Исламабаддагы кеңсесинде бомба жардыргандан кийин коопсуздук кызматтары жана тез жардам көмөккө келди. 5-октябрь.

Пакистан талиптери 5-октябарда БУУнун Азык түлүк агенттигинин Исламабаддагы кеңсесине жасалган жанкечтинин чабуулун алар уюштурганын билдиришти.

Беш адамдын өмүрүн алган бул чабуул жана Пакистан талиптеринин кээ бир башчылары акыркы күндөрү маалымат каражаттарына берген интервьюлар- "Техрик-е талибан Пакистан" соңку айлардагы жоготууларына карабай-активдеше баштаганын күбөлөйт.
Индиянын чекарасында Пакистан армиясынын 70-80 проценти жайгашкан. Ахмед Рашид


Пакистан талиптеринин зардалы Хакимулла Месуд(солдо).
Пакистан бийликтеринин билдиришинче, жанкечти дааратканга барам дегенден улам күзөтчүлөр аны кеңсеге койо беришкен.

Бириккен Улуттар Уюму-БУУнун Азык түлүк агенттигинин Исламбаддагы кеңсесине 5-октябрда жасалган бомба чабуулу, бир топтон бери үн катпай жүргөн лашкер башчы Хакимулла Мехсуддун Пакистан талиптери өч алууга даяр экенин айтып, дембе-дем интервью берүүсү-Пакистан армиясынын соңку жумалардагы ийгиликтүү операциялары тууралуу билдирүүлөрүнө шек келтирет.

Ай башында АКШ жана Пакистандын аскерий жетекчилиги Месуд ич ара таймашта өлтүрүгөн болушу мүмкүн деп маалымдашкан. Ошондой эле августтун аягындагы аба чабуулдарынын биринде оор жарадар болгон Өзбекстан ислам кыймылынын корбашысы Тахир Юлдаштын өлгөнү тууралуу да өткөн аптада маалымат таркатылды.

Өткөн алышта Месуд өз жабыты Түштүк Вазиристанда кабарчылар менен жолукту. Аны аймактагы талиптердин командирлери Уалиур Рехман жана Кары Хусейн коштоп жүргөнүн пакистандык журналист Сайлаб Месуд “Азаттык” радиосуна берген инетрвьюда билдирди:

-Хакимулла Месуд алар маанайы жакшы жана аскерий күрөшкө даяр экенин айтты. Байтулла Месуддун өлүмү кыймылды өкүткө салганын, жоготууданалар кубаттуу жана чечкиндүү болуп чыгышканын айтты.

Кабарчынын бул сөзү “Пакистан армиясынын Түштүк Вазирыстандагы төрт айдан берки операциясы канчалык ийликтүү болду?” деген суроо жаратат.
Пакистан. Кветта шаарынын тургундары Хакимулла Месуд 5-октябрда берген интервьюну сыналгыдан көрүшүүдө.


Пакистандын куралдуу күчтөрү июнь айында өлкө батышындагы Сват өрөөнүндө, коңшулаш Бажаур жана Мохманд аймактарында талиптерге каршы жортуул баштаган. Операциянын жүрүшүндө Техрик-е Талибан Пакистандын кээ бир командирлери жок кылынып, экинчи бирөөлөрү колго түшүрүлгөн жана 2500 чарчы чакырым аймак камоого алынган. Өткөн төрт айда америкалык чалгынчы учактар талиптердин жана “ал-Каиданын” башчылары турган жайларга таамай сокку урганы да тынбай кабарланып жатты.

Шейшемби күнү Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик коопсуздук күчтөрү Вазирстандагы аракетин дагы күчөтө турганын Исламабадда жарыя кылды:

Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик.
-Зарылчылык болсо, кырдаалга жараша Түндүк Вазирыстан менен Түштүк Вазирыстанда мыйзамдуулукту сактоо боюнча тийиштүү чарлар көрүлөт. Биз, арийне, Түндүк Вазирстандабы, Түштүк Вазирыстандабы же Пакистандын башка бөлүгүндө болобу, бийликке каршы зобун-зордукка жол бербейбиз.


Рехман Мелик билдирүүнү Ооганстандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалл шейшемби күнү Исламабадда Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн командачысы, генерал Ашфак Кыяни менен кездешкенде кийин жасады.
Түштүк
Вазиристанда
абалды өзгөртүү
үчүн чоң сандагы
аскерлерди
Индиянын
чекарасынан
алып келүү
зарыл. 



Бирок айрым серепчилер Пакистан өкмөтү тез арада Вазиристанда чечкиндүү аракеттерге бараарына көп ишенишпейт.

Исламабаддык талдоочу Ахмед Рашид:

-Пакистан армиясы Түштүк Вазирsстанда, өзгөчө, Ооган талиптери жайгашкан Түндүк Вазиристанда чечкиндүү аракеттерге барат деп ойлобойм. Түштүк Вазирыстанда абалды өзгөртүү үчүн чоң сандагы аскерлерди Индиянын чекарасынан алып келүү зарыл. Индия чекарасында Пакистан армиясынын 70-80 проценти жайгашкан. Менимче, чекарадагы абал дале өтө опурталдуу.

Ахмед Рашид жакында тоолуу аймактарга кар түшсө, армиянын ар кандай операция жүргүзүүсү дагы татаалдайт деп жоромол кылат.

Пакистан армиясы жайкысын талиптерге жана “ал-каидачыларга” каршы кеңири масштабдагы операцияга өтөт деп уккан пуштун уруулары талиптердин ээлигиндеги Түштүк Вазирыстандын кыштактарын жапырт калтырып качышкан. Салыштырмалуу коопсуз Түндүк Чыгыш Чекара провинциясына ооп кеткен бозгун эл өз журтуна качан кайтарылары белгисиз.

XS
SM
MD
LG