Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Жүз миңдеген пакистандык коогалуу аймактан качып чыкты


Сваттагы согуштун айынан үй-жайсыз калган бул кыз убактылуу турактагы чатырдын алдында ыйлап турат, 7-май, 2009-жыл.
Сваттагы согуштун айынан үй-жайсыз калган бул кыз убактылуу турактагы чатырдын алдында ыйлап турат, 7-май, 2009-жыл.

Бириккен Улуттардын качкындар агенттиги акыркы бир нече күндө Пакистандын Ооганстан менен чектеш түндүк-батыш аймагындагы согуш аракеттеринен жарым миллион киши качкандыгын билдирүүдө. Уюм Сват өрөөнүндөгү талиб согушкерлерине каршы Пакистан армиясынын чабуулунун мезгилинде дагы 500 миң киши үй-жайынан ажырашы мүмкүн экендигин эскертти.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары билдиргендей, учурда 200 миңдей киши коопсуз жайга өтүп келди. Комиссардын маалымат катчысы Рон Редмонддун Женевада кабарчыларга билдиришинче, дагы 300 миң чакты киши оокат-жайын калтырып, жолго чыкканы же чыга тургандыгы болжолдонууда. Буга чейин августтан бери 555 миң киши бозгун болгону маалым эле. Ошентип жакын арада коогалуу Сват өрөөнүнөн качкандардын саны бир миллиондон ашышы мүмкүн.

Сват өрөөнүнөн мындан бир нече күн мурда качып чыккан Аманулла Хан деген бул киши согуш аймагындагы абалды мындайча баяндады:

– Сватты аябай бомбалашты. Биз турган айыл, айланасы бүт талкаланды. Менин көз алдында эле 45-50дөй киши бомбадан жайран болду. Алардын колу-буту үзүлүп, туш-тарапка чачырады.

Бул качкын өкмөттүн алгач талибдер менен элдешип, эми кайра согушуп жатканына таң калганын жашырган жок:

– Өткөндө согушуп жатышкан, кийин тынчтык келишимине кол коюшту, азыр эми кайра согушуп жатышат. Бул эмне деген мышык-чычкан оюн экенин түшүнө албай жатабыз.

Анын аралыгында БУУнун качкындар агенттиги жол боюнда качкындарды азык-түлүк, суу менен камсыздай турган борборлорду уюштуруп, лагерлерди даярдап, дагы башка гумжардам чараларын көрүп жатат. Комиссариятынын өкүлүнүн айтымында, Сватта жана ал жайгашкан Бунер ооданында жолдор самсаалаган качкындарга, алар шыкалган машиналарга толуп кетти.

Согушту күч алдырган өкмөт бир эле мезгилде согушкерлерге куралын таштоону сунуш этүүдө. Өкмөт бул шарт мындан үч ай мурда жетишилген элдешүүдө айтылганын айтууда. Борбордук бийлик ал келишимде Сваттагы талибдердин талабы менен, бул аймакта шарият мыйзамын орнотууга макул болгон.

7-майда Пакистандын өкмөт башчысы Юсуф Жилани талиб бийлиги өкүм сүргөн Сваттагы террористтерди жок кылабыз деп жарыялады:

– Биздин киндик каныбыз тамган жердин намысын сактап, элибизди коргош үчүн, куралдуу күчтөргө согушкерлерди жана террористтерди жок кылууга буйрук берилди.

XS
SM
MD
LG