Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Сватка качкындар кайтууда, бирок согуш токтой элек


Сваттык качкындар
Сваттык качкындар

Пакистандын Сват өрөөнүнүндө талибдерге каршы согушта үй-жайын таштай качкан жүз миңдеген киши үйлөрүнө кайта баштады. Бирок аймакта согуш токтобогондуктан 2 млн. качкындын тагдырына тынчсыздануу күч.

Өткөн түнкү кагылышта Пакистан армиясы Сват өрөөнүнүн эң ири шаары болгон Мингорада талибдер деп шектелген алты кишини атып өлтүргөнүн маалымдады. Дүйшөмбүдө да армия тогуз талиб жок кылынды деп кабарлаган эле.

Иш жүзүндө армия согуштук операцияларда Сват талибдерден тазаланды деп жарыялаган. Апрель айында башталган бул операцияларда пакистан бийликтери талибдерден 1700дөн ашык киши, коопсуздук күчтөрүнөн 160 курман болгондугун билдирүүдө.

Бирок курмандыктардын арасында талибдердин кол башчылары болгондугу бышыкталган жок, ошондуктан качкындар үйлөрүнө катйканда, алардын көргөн күнү кандай болот деген кооптонуу жаралууда.

Исламабад өкмөтү согуш аракеттеринде үйлөрүн таштап качкан 2 миллиондон ашык киши ушул дүйшөмбүдөн тартып үйлөрүнө кайта алат деп жарыялаган. Бирок андан берки кагылыштар качкындарды эки анжы кылууда.

АКШда жайгашкан Эл аралык Качкындар тобунун адвокаты Патрик Дуплат Исламабад элди Сватка шашылып кайтарып жатат деген пикирде. Ал «талибдерден тазаланган аймактар сөзсүз эле карапайым эл үчүн коопсуз эмес» экендигин белгиледи.

Ошого карабастан, качкындардын үйүбүзгө жетсек дегенде эки көздөрү төрт. Рехман Али качкын лагерлердин биринде турат:

- Биз ушунча кыйналдык, мындай кордук түшүбүзгө да кирген эмес. Өкмөт бизге шарт түзөт деп ойлогонбуз, бирок мында эч нерсе жок.

Умер Кан да ушул эле лагерден, ал мээ кайнаткан ысыкка чыдабай, эми тоолуу Сватка кайтууга болот деген жарыяга кубанганын жашырган жок:

- Мен өтө кубанычтамын, анткени лагерде бизге эч кандай шарт жок. Үйгө кайтсак, жок дегенде алдыбызда төшөк болот. Тамак-ашка жетсек, тыңып калаарбыз.

Сват өрөөнү жайгашкан Түндүк-Батыш Чек ара вилаятынын бийлик башчысы Амир Хайдер Хан Хоти качкындарды өкмөт аймакта тартип коргоочулардын санын көбөйтүп, талибдерди жолотпоонун аракетинде болуп жатат деп ишендирди.

Ал Пакистан күчтөрү «террористтердин омурткасын омурду» деп ырастап, алар майда топторго бөлүнүп, туш келди качышканын билдирди. Талибдер кайра кайтып келиши мүмкүн деп эскерткен вилаят жетекчиси элди аларды көрсө бийликтерге кабар берүүгө үндөдү.

Сватта Пакистан армиясы дагы бир жыл калат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG