Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Кыргызстанда Аскар Акаевдин бийликтеги акыркы жылдарында саясий куугунтук жегендердин саны өсүп кеткен. Бүгүн андайлардын саны мурдагыдан да көбөйдү.

2005-жылдан бери түрдүү саясий оюндардын жыйынтыгында бир катар көрүнүктүү саясатчылар өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту. Алардын акчалуулары чет жерде бат эле орун-очок алып кетишсе, каражаты тартышыраактары баш паанек издеп, “саясий негизде куугунтукталган” деген жүйөнүн негизинде түрдүү уюмдардан каражат суроого аргасыз болушту.

24-март окуясынан кийин өлкөдөн качууга аргасыз болгон алгачкы саясатчы ошондогу президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин негизги атаандашы делинген Урматбек Барктабасов болду. Бир топ жылдан бери чет жерде ишкердик кылып жүргөн У.Барктабасов анда өтө кыска аралыкта эл арасында аброй топтоого жетишип, анын командасы өлкөнүн бардык аймагында жигердүү иштей баштаган. Анда президенттикке талапкер У.Барктабасов шайлоодон четтетилип, анын нааразы болгон тарапкерлери өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшкөн. Натыйжада өкмөт үйүнө нааразы болгондор кирип барып, мындай көрүнүш бийликти күч менен тартып алууга болгон аракет катары бааланган.
Анан эл өзү деле каалабады беле, “бизге күчтүү президент, күчтүү башкаруучу, Сталиндей киши керек” дешип. Анан кудай деле элдин тилегин угат экен да. Аскарбек Мамбеталиев

Андан кийин да маал-маалы менен ири нааразычылык акцияларын уюштурушкан оппозиция куугунтуктар күч алганын айтып келди. 2007-жылы Социал-демократтардын тизмесинде парламенттик шайлоого бет алган Эдил Байсалов өлкөдөн чыгып кетти. Андан кийин Кыргызстандагы таасирлүү саясатчы жубайлар Кубатбек Байболов менен Нуржамал Байболовалар чоң саясаттан кетишкенин жарыялап, былтыр алар да өлкөдөн чыгып кетишти. Оппозициядагы дагы бир активдүү саясатчы, ишкер Өмүрбек Абдрахманов да АКШга баш паанек сурап чыгып кетти. Кылмыш иши козголуп кетип, АКШда жүргөн оппозиционер Равшан Жээнбеков мекенине кайта албай калды.

Ири саясатчылардан акыркылардан болуп Бакыт Бешимов өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Аны менен катарлаш социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыров да Балыкчыдагы тополоң үчүн айыптуу болуп, ал да өлкөдөн чыга качты. Ушул эле Балыкчы чырына байланыштуу Бириккен элдик кыймылдын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Канат Сопиев да өлкөдөн качып кетти. Каражаттан каржалган К.Сопиев учурда баш паанек, акчалай жардам издеп жүргөн чагы.

Мурдагы бийлик тушундагы 15 жыл аралыгында да буга окшоп бир катар ири саясатчылар өлкөдөн чыга качышкан эмес эле.

Саясатчылардан тышкары өлкөсүн таштай качкандардын арасында “Де-факто” гезитин түзгөн Чолпон Орозобекова, кыргыз темир жолундагы коррупцияны иликтеген Кайрат Биримкулов сыяктуу журналисттер да бар.
Ошол эле Бакыт Бешимовдор АКШга же Европага барып, саясий баш паанек сурап, ал жактан акча, социалдык жеңилдик алып, жылуу-жумшак ошол жакта жашоону каалашат. Жолборс Жоробеков


Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, мындай көрүнүштөр жалпы өлкөдөгү абалга байланыштуу болууда. Анткени, коомчулуктун да саясий жактан сабаты жакшы ачылбай, мындай көрүнүштөргө каршы туруучу саясий жана интеллектуалдык элита да алсыз болууда. Мындай жагдайдан бийлик да пайдаланып, элдин аң-сезимин адаштыруу аркасында өзүм билемдикке, жагымсыз адамдарды саясий майдандан четтетүүгө бардык шарттар түзүлүп калган:

- “Касапчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, бизде азыр президент баарын жасап, баарын чечет да. Анан эл өзү деле каалабады беле, “бизге күчтүү президент, күчтүү башкаруучу, Сталиндей киши керек” дешип. Анан кудай деле элдин тилегин угат экен да. Ошондуктан эл каалагандай бийлик орноду.

Саясат талдоочулар арасында мындай пикирлерге кошулбагандар да бар. Мурдагы дин иштери агенттигинин жетекчиси, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробековдун пикиринде, “өмүрүнө коркунуч туулуп качты” деген сөздөрдүн баары түккө турбаган нерселер. Анткени ошол качып кеткендердин бардыгы чет мамлекетке ушундай жол менен чыгып алып, жылуу-жумшак жашоону каалашат:

- Ошол эле Бакыт Бешимов, ошол эле биз жакшы тааныбаган, Кыргызстанга аты-жыты деле жакшы белгисиз адамдардын бардыгы АКШга же Европага барып, саясий баш паанек сурап, ал жактан акча, социалдык жеңилдик алып, жылуу-жумшак ошол жакта жашоону каалашат. Мына ошонусуна кызыгып, ошол жактан эптеп нан таап жештин эле амалын кылып кетип калгандар. Ким алардын өмүрүнө коркунуч келтириптир? Болбогон сөздөр...

Канткен менен фактылар - мурдагы бийлик тушундагыга салыштырмалуу 2005-жылдан кийин чет жерге качкандардын саны өскөнүн, кылмыш иши козголгон оппозиционерлер көбөйгөнүн жана өлүп кеткен саясатчылардын саны да көп экенин көрсөтүп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG