Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Соңку кездери Кыргызстанда журналисттерди ур-токмокко алган учурлар көбөйдү. Адистер аны кесиптик ишмердүүлүк менен байланыштырып жатышат.

2005-жылдан бери журналисттерге кол салуу фактылары мурдагыдан көп болуп атканы ачык көрүнүп турат. Маселен, 2005-жылы 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы 19, 2008-жылы беш кол салуу катталган. 2009-жылдын башынан бери журналисттерге кол салган тогуз факты катталды. Акыркы болуп 1-ноябрь түнү “Ош шамы” гезитинин кызматкери Кубаныч Жолдошев катуу токмоктолду.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, 2005-жылдан бери жеке эле журналисттер гана эмес, чоң кызматтагы адамдарга деле кол салып, өлтүрүп кеткен учурлар көбөйдү. Мындай жагдайда, кайсы бир күчтөрдүн кызыкчылыгына туура келбеген маалыматтарды жазган журналисттер, маалымат каражаттары кысмакка алынып келатат:
Марат Токоев

- Журналисттерди сабап кеткен мындай фактыларды мурда биз өтө чоң факты катары карачу элек. Анткени журналисттерге көп тийе алышчу эмес. Алар мамлекет тарабынан коргоого алынып, иш алып баруусуна кепилдик берилчү да. Журналисттер сабалган учурда ошол эле күнү тергөө иштери ачылып, абдан бат жүрүп, кылмышкерлер табылып, аттары аталып, кылмышкерлер жазасын тартчу. Азыр тилекке каршы, бизде уруп-сабоолор кесин көбөйүп кетсе да, ал фактылар боюнча жоопкерчиликке тартылган адамдардын саны бир кыйла аз болуп атат. Өзгөчө булардын бардыгы журналисттердин кесибине байланыштуу экен деген божомолдор чыгып атканда ушундай болуп атат.

Марат Токоевдин айтымында, соңку кездери милиция кызматкерлери коргомок тургай, өздөрү журналисттерди токмоктогон учурлар кездешүүдө. Маселен, быйыл жайда журналист Алмаз Ташиевди милиция кызматкерлери катуу токмоктоп, натыйжада ал ооруканада көз жумду.

Адистердин айтымында, бийлик мындай көрүнүштөргө тез арада көңүл буруп, эң оболу журналисттердин коопсуздугун сактоо багытында иштерди жүргүзүшү керек. Андай болбой турган болсо, коррупция сыяктуу жагымсыз көрүнүштөрдүн бетин ачууда бийлик маалымат каражаттарынын жардамын сурабашы керек.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, Кыргызстанда журналист болобу же жөнөкөй дыйкан болобу бардыгы бирдей укуктарга ээ болуп, бардыгы тең бирдей корголушу керек. Бул жааттагы мыйзамдар да дурус экенин айткан акыйкатчы, эң башкы көйгөй ошол мыйзамдар иш жүзүндө аткарылбай атканында экенине токтолду:

- Бизде мыйзамдардын бардыгы дурус эле. Бирок алардын ишке ашуу жаатында бизде жоопкерчилик жок болуп атат. Бийлик тараптан да, өкмөттүк эмес уюмдар тараптан да, оппозиция тараптан да ошол мыйзамдарды аткаруу боюнча кемчиликтер көп кетип атат. Акыйкатчы институту деле бул боюнча жеткиликтүү иштей албай атабыз. Эң оболу биз ушул багытта көп иштерди жасашыбыз керек. Мыйзамдар жакшы эле, тек гана аларды ишке ашыруу механизмдери иштелип чыкпаган. Аны аткарууга да саясий эрк керек. Бизде ошол жетишпей атат.
Турсунбек Акун

Медиа өкүл институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, журналисттерди уруп-сабоолор, боорун көтөрүп келаткан басылмаларды сот аркылуу олчойгон суммага жыккан көрүнүштөр өлкөнүн маалымат айдыңынын өнүгүшүнө жолтоо болууда. Мындай шартта журналисттер опурталдуу делген темаларды калемге алуудан качып, “мамлекеттик мүлккө зыян келтирүүгө, казынадан кымырып алууларга же ири мамлекеттик көз боёмочулуктарга байланыштуу окуялар калктын калың катмарына такыр эле жетпей калабы” деген чочулоолор пайда болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG