Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Атамбаев тик учактын кыйрашына байланыштуу Путинге көңүл айтты


Вертолет Ми-8 (архивдик фото)
Вертолет Ми-8 (архивдик фото)

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге 19 кишинин өлүмү менен коштолгон тик учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

“Ямал жарым аралынын Уренгой аймагында тик учактын кыйраганын, анда кишилер өлгөнү тууралуу маалыматты терең кайгыруу сезими менен уктум. Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атымдан набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарыбызды маалымдап коюуңузду өтүнөм” деп жазылган көңүл айтуу телеграммасында. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

21-октябрда Ямал жарым аралында Ми-8 тик учагы кыйрап, анын бортундагы 19 киши набыт болгон. Аман калган үчөө ооруканага жеткирилген. 19 жүргүнчү Красноярскидеги Сузум кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери болгону айтылууда. Дагы үчөө экипаж мүчөлөрү болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG