Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Киевде сот Януковичтин ишин сырттан иликтөөгө уруксат берди


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Мурдагы президент Виктор Януковичтин мамлекетке чыккынчылык кылганын сырттан иликтөө өтүнүчүн Аскер прокуратурасы берген. Сот Януковичтин жактоочуларын түз байланышта, видео аркылуу суракка алуу тууралуу өтүнүчүн четке какты. Азыркы президент Петро Порошенкону, Жогорку Раданын төрагасы Андей Парубийди жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчиновду кошо суракка алуу тууралуу өтүнүч да соттон колдоо тапкан жок.

Мурдараак Януковичтин жактоочуларынын көчмө сот уюштуруп, Орусияда өткөрүүнү сунуштаган өтүнүчү да четке кагылган.

2013-жылдын соңунда башталган “Евромайдан” демонстрациялары маалында жүздөн ашык адам окко учкан. Элдик толкундоолордон улам Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон.

Виктор Януковичке Башкы прокуратура мамлекетке чыккынчылык кылууга жана өлкөнүн бүтүндүгүнө бүлүк салууга шектүү катары өткөн жылы ноябрда айып таккан.

XS
SM
MD
LG