Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Экинчи дүйнөлүк согушка жетимиш жыл


Тарыхый сүрөт: немец аскерлери 1939-жылдын 1-сентябрында Польшанын түндүгүндөгү Сопот шаарындагы чек ара тосмосун талкалап жаткан учур

Тарыхый сүрөт: немец аскерлери 1939-жылдын 1-сентябрында Польшанын түндүгүндөгү Сопот шаарындагы чек ара тосмосун талкалап жаткан учур

1- сентябрь - Экинчи Дүйнөлүк согуш башталганынын жетимиш жылдыгы. Ал эми согуштун чыгыш себептерине байланышкан тарыхый талаштар али уланууда.

Бүгүн Польшанын Гданск шаарында өтүүчү иш-чараларга орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен немец канцлери Ангела Меркел да катышат. Путин жыйында Орусия менен Польшанын согушка байланышкан тарыхый талаштардан жана тараптардын өз ара ишенбөөчүлүгүнүн али уланып жатканынан улам чыңалган мамилесин оңдоону максат кылган сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

1939-жылдын Германия Польшага түндүктөн, түштүктөн жана батыштан кол салган 1-сентябры Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун башталуусу катары эсептелинет. Германия анда өзүнүн чек арадагы, ал эми азыр Польшанын аймагындагы шаар – Гливицтеги немис радиостанциясына поляк тараптын озунуп кол салуусун жүйөө кылган.

Мындан үч аптадан соң СССР менен нацисттик Германия ортосундагы, Молотов-Риббентроп келишими деген документтин жашыруун шарттарына ылайык, совет аскерлери Польшанын чыгыш тарабын оккупациялаган.

Поляк тарыхчысы Андрзей Ярсзевскинин айтымында, радиостанциянын имаратына кирип келген немис жоокерлери ал жердеги кызматкерлердин баарын жертөлөгө камашкан. Жалган кол салуунун далили ирээтинде камактагы полякты өлтүрүшкөн:

- Гливиц чагымы Экинчи дүйнөлүк согуш тутанардан бир күн алдыда даярдалган. Максаты Англия менен Францияга Польша агрессор экенин көргөзүү эле. Мындай жагдайда Франция Польшага жардам бермек эмес. Анткени Польша, Франция, Англия ортосундагы макулдашууга ылайык, Франция менен Англия кокус Германия агрессия жасаса, эки-үч күн аралыгында чара көрүп, он беш күндүн ичинде толук фронтту ачмак. Демек Польшаны агрессор катары көргөзүү Германиянын батыш чек арасынын коопсуздугун кыйла кепилдемек.

Ал эми бүгүн, Экинчи дүйнөлүк согуш тутангандан жетимиш жылдан кийин Германия согушту Польша баштады деп ырастаса, күлкү келмек. Бирок СССР менен Германия ортосунда Молотов-Риббентроп келишими деп аталган документтин жана анын Чыгыш Европаны эки тараптын таасир көргөзүү чөйрөсүнө бөлүүнү караган жашыруун протоколунун согуштун башталуусуна тийгизген кесепети боюнча талаш-тартыштар токтой элек.

Орусиялыктардын көбү али да советтик аскерлер 1939-жылдын сентябрында Польшага Германия менен мурда макулдашылган планга ылайык эмес, аны нацисттик Германиядан коргоо үчүн кирген деген ишенимде.

Совет жана немец аскерлери 1939-жылдын сентябрында Польшанын Молотов -Риббентроп келишиминде каралган демаркациялык чегинде турган учур.
Орус президенти Дмитрий Медведев жакында Израилге барган кезинде сүйлөгөн сөзүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгыш себептерин башкача чечмелеп жаткандарды сынга алды:

- Биздин бүгүнкү милдетибиз - чыныгы тарых тигил же бул саясий сценарийлердин пайдасы үчүн бурмалануусуна жол бербөө. Биз Советтер союзунун нацизмди жеңүүдөгү чечүүчү ролунан жана үрөй учурган Холокост окуяларынан күмөн санаган тигил же бул мамлекеттер менен келише албайбыз.


Мына ушундай тарыхый талаштардын шартында Польшанын азыркы премьер-министр Доналд Туск орус өкмөт башчысы Владимир Путиинди жана немис канцлери Ангела Меркелди бүгүн Экинчи дүйнөлүк согуштун башталуусунун жетимиш жылдыгына арналып, Гданск шаарында өтүүчү иш-чараларга катышуу үчүн чакырды.

Польшага бул жолку сапарын утурлай Путин поляктардан “Газета Выборчей” деген басылмасында жарыяланган макаласында 1939-жылдагы Молотов-Риббентроп келишимин моралдык принциптен алыс турган макулдашуу катары айыптаган.1940-жылы Катынь деген токойдо 22 миң поляк офицеринин Кызыл армия тарабынан жок кылынышын моюнга алган. Бирок орус-өкмөт башчысы Молотов-Риббентроп келишими согушту баштаган жалгыз жүйөө болгонуна макул эмес. Ал дагы тарыхтан кыйкым издегендерди сынга алуу менен 1938-жылы Мюнхенде Германия, Франция, Британия ортосунда түзүлгөн келишим “фашизмге каршы бирдиктүү фронт түзүү боюнча баардык үмүттөрдү талкалаганын” СССРди Германия менен кол салбоо боюнча келишимге барууга түрткөнүн белгилейт.
“Нацисттик режим менен келишүүчүлүк кандай формада болбосун моралдык жактан кабыл алынгыс жана практикалык жактан ишке ашуу келечеги жок болгонуна” токтолгон орус өкмөт башчысы азыркы лидерлердин максаты орус-поляк алакасын “ишенбөөчүлүктүн мураска калган жүгүнөн арылтуу, баракты оодарып, жаңысын жазуу” керектигин белгилеген.

Бирок Путин Батышка сөөмөй кезеген сөздөрдү бүгүн Гдансктагы иш-чарада кайталары күтүлүп жаткандыктан, орус өкмөт башчысынын сөздөрү Москва менен Варшаванын алакасына жакшыруусуна салым кошобу же кайра курчутабы, бул азырынча белгисиз.

Ал эми немис канцлери Ангела Меркел өз тарабынан ал Путин жана башка лиделер менен “душман эмес, өнөктөш катары” жолугарын билдирди.

Өзүнүн соңку радиокайрылуусунда Меркел Гдансктагы иш-чара “азап чегүүлөр үчүн кайгыга түшүүнүн”, Германиянын согуштан башталуусундагы күнөөсүн эскерүүнүн, бирок ошол эле учурда согуштан кийинки элдешүү үчүн “ыраазычылыктын жана ишенимдин” күнү болорун айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG