Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Орусия Трамп менен сүйлөшүүгө ниеттенет


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Трамптын администрациясы менен стратегиялык туруктуулук боюнча диалог курууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын ичинде өзөктүк курал маселеси да бардыгын министр кошумчалады.

17-январдагы жылдык маалымат жыйынында Лавров "гиперылдамдыктагы куралдар, АКШ Европага куруп жаткан ракеталык калкан, космостук куралдар жана өзөктүк сыноолор сүйлөшүүдөгү конкреттүү тема боло алат" деп билдирди.

Анын айтуусунда, Орусия Трамптын администрациясы менен 20-январдан кийин жолугууга даяр.

Ошондой эле Лавров Москва Трамптын мурдараак айткан билдирүүсүн санкцияларды алуу үчүн талап деп чечмелебестигин билдирди. Мурдараак Трамп экономикалык санкциялардын жоюлушу үчүн орус президенти Владимир Путинге өзөктүк арсеналдарды кыскартууну сунуш кылышы мүмкүн экендигин ишара кылган.

АКШ Орусиянын Украина жана Сириядагы аракеттерине байланыштуу экономикалык санкцияларды салган.

XS
SM
MD
LG