Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Голливуддун Оскар сыйлыгын "Болливуд жомогу" жеңди


"Алачыктагы миллионер" фильминин режиссеру Дэнни Бойл Оскар сыйлыгы менен, 22-февраль 2009-жыл
"Алачыктагы миллионер" фильминин режиссеру Дэнни Бойл Оскар сыйлыгы менен, 22-февраль 2009-жыл

Дүйшөмбүнүн таңында Лос Анжелесте америкалык киноакадемиянын сыйлыктары тапшырылды. Британиялык режиссер Дэнни Бойл индиялык жакыр бала жөнүндө тарткан “Алачыктагы миллионер” фильми 8 Оскарды жеңди. Кумса саясатчынын образын жараткан Шон Пенн “Милк” тасмасындагы башкы роль үчүн эң мыкты актер, ал эми Кейт Уинслет “Окурман” деген тасмадагы ролу үчүн эң мыкты актриса наамдарына ээ болушту.

Айтылуу режиссер Стивен Спилберг жеңүүчүнү жарыялаганда Голливуддун бурулуш учурга туш болгонуна күбө болгонсудук. Эмне дегенде, Индия, атап айтканда Мумбаидеги эң жакыр райондордо тартылган фильм эң абройлуу киноакадемиянын сыйлыгына күндө эле ээ болбойт. Фильм дагы 7 номинацияда сыйлык алды. Мындай ийгиликке Оскардын тарыхында 7 тасма гана жетишкен.

Алыскы Америкадагы сыйлык тапшыруу аземин фильмдин башкы каарманы чыккан Мумбаинин жакыр райондорунда ошондой эле балдар көчөлөрдөгү телевизорлордон көрүп отурушту.

“Алачыктагы миллионердин” режиссеру британиялык Дэнни Бойл эң мыкты режиссер деп табылды. Жылдын эң мыкты фильми деген номинацияга “Бенжамин Баттондун укумуштуу окуясы” деген фильм да көрсөтүлгөн. Жалпы жонунан ал тасма 13 сыйлыкка көргөзүлүп, бирок үчөөнө гана ээ болду.

Ал эми “Алачыктагы миллионер” фильминдеги ролдорду белгисиз актерлор аткарганын эске алсак, башкы актердук категориялардагы сыйлык үчүн атактуу жылдыздар Шон Пенн, Ричард Женкинс, Фрэнк Лангелла, Бред Питт, Мики Рурк, Кэйт Уинслет, Мэрлил Стрип, Анжелина Жоли, Энн Хэтэуй жана Мелисса Лео күрөштү.

Натыйжада эң мыкты актер деген наам “Милк” деген фильмдеги башкы роль үчүн Шон Пеннге, эң мыкты актриса “Окурман” тасмасындагы роль үчүн Кэйт Уинслетке ыйгарылды. Шон Пенн буга чейин Оскарды бир жолу жеңген, Уинслет болсо 5 ирет сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок утулуп калган.

- Мен бул сөзүмдү алдын-ала даярдаган эмесмин десем калп айткан болом. Ошондо 8 жашта болсом керек, ваннадагы күзгүнүнүн алдына шампундун бөтөлкөсүн колума кармап, аны сыйлык деп элестетип, кыялдангам, - деди толкунданган Уинслет.

Экинчи пландагы эркектин ролу үчүн сыйлык Оскардын тарыхында алагчкы жолу көзү өтүп кеткен актерго, австралиялык Хит Лежерге “Караңгы рыцари” фильминдеги роль үчүн ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземине былтыр жыл башында 29 жашында өтүп кеткен актердун жакындары катышты. Оскарды алып жатып, Лежердин атасы академияга баласынын “ишин баалагандыгы үчүн” ыраазычылыгын билдирди.

Экинчи пландагы эң мыкты актриса деп испаниялык Пенелопа Круз таанылды. Сыйлыкка ал айтылуу Вуди Аллендин “Вики Кристина Барселона” фильминдеги ролу үчүн көргөзүлгөн. Бул – испаниялык киноактрисалардын алгачкы Оскары. Чет тилдеги эң мыкты фильм деген номинацияны япониялык “Ажырашуулар” деген тасма жеңди.

XS
SM
MD
LG