Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Жаш кызды бузган режиссер Поланскини АКШ жалдыратты


Кинорежиссер Роман Полански. Рим, 2005-ж.
Кинорежиссер Роман Полански. Рим, 2005-ж.

Адвокаттар Оскар сыйлыгынын ээси, белгилүү кинорежиссер Роман Поланскини Швейцариядагы абактан чыгарып алуу аракетин улантууда.

Ошентип, кинорежиссер Роман Полански 32 жыл илгери 13 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн АКШ бийликтеринин талабы боюнча Швейцарияда кармалганы чоң эл аралык жаңжалга айланды.

76 жаштагы Поланскинин адвокаттары швейцариялык соттордун кеңселерин тытмалап, режиссерду АКШга өткөрүп бербей, абактан бошотуу аракетинде чапкылап жүрүшөт.

1978-жылы жылдызы жаңыдан жанып келаткан режиссер андан бир жыл мурдараак 13 жаштагы кызга алкоголдук ичимдик ичирип, маңзат тарттырып туруп зордуктаганы үчүн жоопко тартылмак болот. Лос-Анжелестеги сотто Полански кыздын сексуалдык тажрыйбасы бар болчу, каршылык көрсөткөн эмес деп актанып, бирок жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык мамиле күткөн күнөөсүн мойнуна алып, 42 күн психиатриялык текшерүүдөн өткөнчө абакта отуруп чыгат. Анткен менен, сот ишти карап бүтө электе Францияга кетип калып, ошондон бери АКШга бир да барган эмес, 2003-жылы “Пианист” аттуу көркөм тасмасы үчүн Оскар сыйлыгы ыйгарылганда да жардамчысын жиберип, өзү көмүскөдө калган.

Жакында Роман Полански Цюрихтеги кинофестивалга барып, бүткүл өмүрүн киного арнаган адам катары башкы сыйлыкты алаарын угуп-билген соң, америкалык тергөөчүлөр алдын-ала швейцариялык кесиптештери менен байланышып, 27-сентябрь күнү режиссер Цюрихке келген жеринен тузакка илинет.

Окуя чоң жаңжалга айланып, Швейцариянын юстиция министри Эвелин Видмер-Шлүмпф атайын түшүндүрмө берүүгө аргасыз болуп, АКШ, Германия жана башка өлкөлөр менен өз ара макулдашкандай, аларда издөө салынган адамды швейцариялык бийликтер кармап, өткөрүп берүүгө милдеттүү экенин маалымдады.

- Ошондуктан Полански мырза бул жакка келээр замат аны камакка алгандан башка бизде арга жок болчу, - дейт министр айым.

Адистердин айтымында, Швейцариянын соту АКШ бийликтеринин Поланскини аларга өткөрүп берүү арызын бир нече ай бою караштырышы мүмкүн.

Кинорежиссер кордогон кыз азыр 45 жашта, ал эски дартты ырбатып, көңүлүмдү ооруткум келбейт деп, иштин жабылышын колдоп тил кат жазып берген. Анткен менен, Америкага жөнөтүлсө, Полански башкасын койгондо да, сот иши аяктай электе башка өлкөгө качып кеткени үчүн жазалашы ыктымал.

Ал тапта Европалык кино ишмерлери белгилүү режиссерду абактан бошотууга үндөгөн өнөктүк башташты. Аларга шейшембиде Франциянын тышкы иштер министри Фредерик Миттеран кошулду.

Качанкы окуя үчүн Полански минтип арстандарга жем болгону акылга сыйбаган иш. Өмүрүн киного арнаганы үчүн ардактуу сыйлык алганы барып камакка алынып, капканга түшкөнү чектен тышкаркы окуя болду, - деп кейиди француз министри. - Биз Американы кең пейил өлкө деп таанычу элек, кээде бирок Америка минтип коркунучтуу жүзүн көрсөтөт”.

Роман Полански – Франциянын жараны, 2-дүйнөлүк согуш маалында Польшада фашисттер анын үй бүлөсүн концлагерге салып, апасы Освенцимде ажал таап, өзү тагдырдын буйругу менен аман калган.

Өз көзү менен көргөн Холокосттун каардуу капшабын “Пианист” аттуу тасмасында чагылдырып, ал үчүн Оскар сыйлыгына татып, “Кытай-калаа”, “Жерүү”, “Розмаринин чүрпөсү” аттуу фильмдери башка эл аралык сыйлыктар менен белгиленген.

Жубайы, француз актрисасы жана ырчысы Эммануэль Сенье экөөнүн эки баласы бар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG