Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

И. Исаков: Мага козголгон кылмыш иши – президенттин түздөн-түз буйругу


Мурдагы коргоо министри өзүнө карата кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтук деп баалап, мунун башында президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү турат деген оюн бүгүн журналисттерге билдирди.

Башкы прокуратура тарабынан “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаковго ал коргоо министри болуп иштеген учурда министрликке тиешелүү акча-каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган жана айрым аскердик техникаларды жок кылгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Мурдагы коргоо министринин бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргенине караганда Башкы прокуратура козгоп жаткан кылмыш иштеринде Исаковдун эч кандай айыбы жок:

-Бүгүнкү мага коюлуп жаткан айыптоолор мыйзамсыз. Бул иштерде Исаковдун эч кандай тиешеси, эч күнөөсү жок. Аялдардын 8-март майрамына, 23-февраль, 29-май аскер кызматчыларынын кесиптик майрамына карата, жаңы жылдагы офицерлердин балдарына балаты уюштуруп берүү үчүн бөлүнгөн акча каражаты үчүн мени күнөөлөө -мыйзамсыз. Ал эми жетишсиз болуп жаткан автотехникаларга министр жооп бербей тургандыгын прокуратура менден жакшы билет. Мен коргоо министрлигине тиешелүү мүлктөрдү өзүм башында туруп, орун басарымдын жетекчилигинде бир нече жолу текшерип, тактоодон өткөргөнбүз. Бул тууралуу менден кийин 2008-жылы 26-майда коргоо министри болуп келген Бакыт Калыев да эч кандай доомат айткан эмес. Мунун баары менин бийлик менен келишпей, эл үчүн деп, оппозициянын катарына өткөнүмдөн улам атайылап жасалып жатат.

Исмаил Исаков бийлик мына ушундай ушак-айыңдар менен аны каралап, элге жаман көрсөткүсү келүүдө, деп кошумчалап, болуп жаткандын баары түздөн-түз президенттин буйругу менен жасалып жаткан иш экендигин айтып кетти:

-Бул президенттин түздөн-түз буйругу менен анын жан-жөкөрлөрүнүн менин оозумду басуу үчүн кылып жаткан аракети. Ошондуктан башкы прокурор да Башмыйзамдын 77-беренесин бузуп, мага каршы кылмыш иш козгоп, элге жаман көрсөтүү аракетин жасап жатат. Бирок алардын аракети эч качан ишке ашпай турган нерсе. Мен Коргоо министрлигинен кетип, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда да өз ишимди тийиштүү аткарууга мага президент өзү баш болуп бут тоскон. ИИМ тармагындагы коррупцияны иликтеп, милицияны реформалоо керек деген аракетиме мамлекет башчы “бул жакка кийлигишпе”, деп токтотту. Энергетика тармагын иликтөөгө алып, Токтогул каскадына барып, ТЭЦти кыдырып, жаңы бир илинчектерди тапкан учурда да мени өзү четтетип, “сенин ишиң эмес” деген. Биз ыңкылаптан мурун элге айтканбыз, убада бергенбиз: жашоону оңойбуз, коррупцияны жоебуз, деп. Мына ошону ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн кызматтан кеткемин. Президент менен эч кандай жеке таарынычым болгон эмес.

Исмаил Исаков министр болуп турган туштагы Коргоо министрлигинин жетекчилигине Башкы прокуратура тарабынан 12-январда дагы бир кылмыш иши козголду. Анда Исмаил Исаков министрликке тиешелүү 500 чарчы метр жерди “Бишкеккурулуш” ишканасына 2 бөлмөлүү батирге алмашып, батирди уулуна берген деп айыпталат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Үсөн Маматов "Бул кылмыш ишинде эч кандай саясий боек жок “,- деп "Азаттыкка” маалымдаган.

Аталган кылмыш иши боюнча башкы көзөмөл органы Исмаил Исаковдун өзүнө маалымдаган эмес. Бул тууралуу журналисттерди кабардар кылган генерал Исаков мекенди коргоо тармагында иштеген уулу бир канча жыл сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттен батир алууга акылуу болсо дагы албагандыгын билдирди:

-Менин уулум Кыргызстандын аскер кызматчысы катары АКШга кетип, 2006-жылдан бери ошол жакта иштеп жатат. Ал эми кылмыш ишинде айтылып жаткан 2 бөлмөлүү батирде төрт балалуу аскер кызматчысы - прапорщик жашап жатат.

Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иштери саясий буйрутма, бийликтин башкаруу саясатына каршы пикирин ачык айткандыгы үчүн атайын жасалып жаткан куугунтук экендигин Элдик Революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров да бекемдеди. Анын айтуусунда учурда оппозиционерлердин 70 пайызына каршы кылмыш иши козголгон:

-Жекшенкуловго кылмыш иши козголду. Каптагаевге, Исаковго, Кадырбековго, Бөлөкбаевге кылмыш иштери козголду. Бийлик муну булардын өзүн эмес, бийликтин саясатына макул болбой, оппозицияга өтөм деген кызматкерлерди коркутуу үчүн жасап жатат.

Азимбек Бекназаров бийлик куугунтугуна илинген саясатчыларды адвокат катары коргоого алууда. Бир нече күн мурун саясатчылардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен саясий куугунтукка каршы түзүлгөн комитет президент баш болгон бийликтен саясий куугунтуктоону токтотууну талап кылган билдирүү таратышкан.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG