Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн саясий партиялардын саны жүз кырк бирге жетти. Алардын көпчүлүгү шайлоолордун алдында гана үн чыгара калышса, айрымдары саясий уюм катары калыптанып, көз каранды эместик жылдарынан бери ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантып келе жатышат.

Быйылкы 7-апрель окуяларына чейин Кыргызстанда жүз төрт партия катталган болсо, андан берки эки ай аралыгында эле бул тизме жаңыдан түзүлгөн отуз жети саясий уюм менен толукталды. Алардын көпчүлүгүн талдоочулар тар кызыкчылыктардагы мажирөө саясий уюшмалар катары мүнөздөшөт.

Мына ушундай абалда саясий партиялардын иделогиялык багыттарына карата ирилешүүсү гана чыныгы саясий атаандаштыкты камсыздайт деп эсептешет бир катар саясат таануучулар.

Бул багытта саясат талдоочу Табылды Акеров шайлоо кодексине саясий-идеологиялык багыттар боюнча блокторго биригүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын сунуштайт:

- Анда бул партиялардын баардыгы айла жок биригишет да. Анткени мында бир бир эле социалисттик партия шайлоого катышышы мүмкүн да. Же болбосо бир эле республикалык партия. Мисалы үчүн Кыргызстанда онго жакын социалисттик партия бар. Алтыга жакын республикалык партия бар. Он төрт мекенчил партия бар. Беш жашылдар багыттында партия турат. Демократтар мисалы үчүн азыр көбөйүп бара жатат, алар дагы азыр жети-сегизге чыгып калды. Ушундай негизде баягы блокко кире албай калган партиялар атаандаштыкка туруштук бере алышпай өздөрүнөн өздөрү жок болуп кетишет эле да.

Алдыдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын негизги саясий партиялардын ортосунда позицияларды такташуу жана биригүү боюнча сүйлөшүүлөр күч алды. Убактылуу Өкмөттүн курамындагы мурдагы Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) айрым мүчөлөрү бир туунун алдына биригүүгө умтулушууда. Бирок учурунда Бакиев режимин кулатуунун айланасында гана баш кошкон түрдүү көз караштагы саясий күчтөрдүн ортосундагы шарттуу биригүүнү кадимки саясий-идеологиялык багыттагы бирикме деп аташ кыйын.

-Биздин партияга негизинен он сегиз партия биригет. Негизинен мекенчилдик багыттагы партиялар. Бириктирүүчү курултайыбызды Суусамырда өткөрөбүз. Ошондо партиялык жалпы тизмени даярдайбыз. Бул негизинен жыйырманчы июлдарда болот. Кайсы партиянын аты менен барабыз азырынча сүйлөшүп жатабыз. Шарттуу түрдө бир партиянын атын алабыз, -
деди Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, диний, этникалык жана аймактык кызыкчылыкты алып жүрүүчү саясий партияларды түзүүгө жол берилбейт. Бирок жоболорунда башкача жазылганы менен ишмердүүлүгү күмөн туудурган саясий уюшмулар көзөмөл органдарынын көз жаздымында калган учурлар да аз эмес экендиги айтылды.

- Бизде мына этникалык негиздеги кызыкчылыкты алып жүргөн партия бар. Айталык, алардын башында “Родина” партиясы. Анын башында Кадыржан Батыров турат. Бирок бизде мыйзам боюнча алардын түзүлүшүнө тыйуу салынган. Анан кантип пайда болду? Демек бул жерде биздин юстиция министрлигинин партияларды жөнгө салуу ишин колго ала албай жаткандыгы. Анан жанагы аймактык кызыкчылыкта түзүлгөн саясий партиялар. Булардын баардыгын карап көзөмөлдөп туруш керек эле да. Ошондон мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туулуп жатат да,-
деди Табылды Акеров.

Бизде мына этникалык негиздеги кызыкчылыкты алып жүргөн партия бар. Айталык, алардын башында “Родина” партиясы. Анын башында Кадыржан Батыров турат.
Табылды Акеров
Адистердин айтымында, мыйзамдан сырт негизги партиялык кызыкчылык кыйыр түрүндө жүргүзүлгөндүктөн аны талдап-тескөө көбүнчө кыйынчылыкты жаратат. Ошондуктан буга чейин укук коргоо органдарында тиешелүү далилдер менен иш алып барган мисалдар аз. Бир нече жылдык текшерүүдөн кийин гана диндик негизде түзүлгөн каттоосу жок Хизб - ут-Тахрир партиясынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Адилет министрлигинин каттоо башкармалыгынын башчысы Кубан Казаков мыйзамга каршы келген партиялык ишмердикти чектөөгө мүмкүнчүлүк бар экендигине токтолду:

-Мыйзамда жазылган жанагы жободо максаттарын, милдеттерин көрсөтөт да. Ошондон эгерде чегинен чыга турган болсо алардын ишмердүүлүгүн белгилүү бир мөөнөткө токтотконго укук бар да. Болбосо сотко кайрылып жол берилбесин ошол партиянын иштешине деп чечим чыгарылат. Андай чечимдер болгон да Кыргыз Республикасынын тарыхында.

Мындан сырткары мыйзам жол берген тармактык, кесиптик жана социалдык кызыкчылык топторунун саясий партиялары да бар. Талдоочулардын баамында мындай багыттагы партиялар чоң саясатта өз алдынча оюнчу катары көрүнбөгөнү менен алардын көпчүлүгү ири саясий күчтөр ортосунда чайкоочулук кылууга ыңгайланышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG