Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Бенедикт XVI палестиндердин эгемендигин жактады


Бенедикт XVI Вифлеемде элге кайрылууда. 13-май 2009
Бенедикт XVI Вифлеемде элге кайрылууда. 13-май 2009

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI күнкорсуз Палестин мамлекети түзүлүшүн жактады. Мындай билдирүүнү Папа шаршемби күнү Батыш Иордандын Вифлеем шаарында жасады. Израилдин маалымат каражаттары Бенедикт XVIны Ыйык Жерге жасаган сапарын пайдаланып, иудейлер менен жакшы жакшы мамиле кура албады деп сындашты.


Рим папасы Бенедикт XVI шаршемби күнү Батыш Иордандын Вифлеем шаарында сүйлөгөндө дипломаттык ийкемдүү тилге салбай эле Ыйык Ватикан палестиндер эгемен мамлекеттүү болуусун колдоорун түз айтты:

Папа Бенедикт XVI-нын сөзүн угуу үчүн Вифлеемдин борбордук аянтына чогулган эл.13-май 2009
-Ыйык Ватикан палестиналыктардын өз ата-бабаларынын жеринде эларалык коомчулук тааныган чек арада, эгемен, коопсуз жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган өлкөлүү болуу укугун колдойт.

Вифлеем –Иса пайгамбардын туулган жери саналат. Папаны Вифлеемде Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас утурлап алды. Рим католик чиркөөсүнүн башчысы өз кайрылуусунда палестин жаштарын күнкорсуздукка жетүү үчүн зобун-зордукка барбоого жана Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга жардамдашууга үндөдү:

- Мен бүгүн Палестин территориясындагы көптөгөн жаштарга кайрылам: Бейчеки өлүмгө, жүрөгүңөрдү кайгыга салып, нааразылык жараткан жана өзүңөр көргөн кыйроолорго жол бербегиле. Ар кандай зобун-зордукка, же терроризмге батыл каршы тургула. Тажрыйбаңарды тынчтыкты орнотууга жумшагыла.

Бенедикт XVI жыл башында Израил аскерлери Газа тилкесине жасаган чабуулда өлгөн адамдар үчүн “терең кайгырганын” да билдирди. Ошондо Израил күчтөрү өлкө түштүгүн ракетадан дембе-дем аткылаган ХАМАСтын Газадагы өңүттөрүнө үч жума бою чабуул коюп, 1300дөй палестиналык набыт болгон. Калаба кезинде израилдик 13 жаран окко учкан.

Рим Папасынын сөзү кээ бир израилдиктерге жакпады шекилдүү. Анткени, теги германиялык Бенедик XVI Ыйык Жерге “руханий сапарга” барат деп жарыяланганы менен, анын өткөн жумада башталган сапары саясый жемелөөлөр менен коштолду. Израилдин маалымат каражаттары Папаны “Яд вашем” мемориалында дүйшөмбү күнү сүйлөгөндө холокостто өлгөндөргө боор ооруганы байкалбады деп жазышты.

Израил парламентарийи Рубен Ривлин болочок динаятчы жогорку класста окуп жүргөндө “Гитлерюгендин” мүчөсү болгон, кийин фашисттик армияда кызмат өтөгөнүн айтып, холокост тууралуу байкоочу катары кейибей сүйлөдү деп сынады. Ал эми Ватикандын өкүлү болсо болочок Папа-Йозеф Ратцинтер жаш кезинде нацизм идеологиясын тең бөлүшпөгөнүн жана Гитлердин жаштар лигасынын мүчөсү болбогонун айтып, Израил гезиттеринин каарына калды.

Папа Бенедик XVI 1997-жылы чыккан китебинде Экинчи Дүйнөлүк согуш кезинде өз ыктыяры менен жаштар лигасына жазылып, кийин армияга чакырылганын эскерген.

XS
SM
MD
LG