Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Британия Папаны чакырып, Ватиканды ырасмий тааныды


Папа Бенедик XVI Единбург аэропортуна учуп келди. 16-сентябрь
Папа Бенедик XVI Единбург аэропортуна учуп келди. 16-сентябрь

Бейшемби күнү Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Венедикт XVI Британияда мамлекеттик визити башталды. Тарыхый визиттин максаты диндин маанисин көтөрүү жана Англосаксон чиркөөсү менен мамилени жакшыртуу.

Папа Бенедикт XVI Британияга падыша Елизавета II чинин чакыруусу менен барууда. 1534-жылы Англия чиркөөсү Ватикандан бөлүнүп кеткенден бери Папа Британ падышалыгына эгерим ырасмий түрдө чакырылбаган. Төрт кылымга жик салган ажырымга Ватикандын падыша Генри III бала көрбөгөндөн улам Екатерина Арагонская менен никесин бузуусун колдобой койгону жүйөө болгон.

Мен Папа менен купуя да, ачык да кездешүүнү каалабайм. Адегенде кечирим сурасын.
Сюзан Кокс

Папа Бенедикт XVIны Единбург аэропортунда каныша Елизавета II-чи утурлап алды.

Папа төрт күндүк сапар учурунда Единбургда падыша Елизавета II менен кездешип, 11-кылымда курулган Вестминстер чиркөөсүндө сөз сүйлөйт. 77 миллион үмөттүү Англосаксон чиркөөсүнүн архиепископу Роман Уильямс менен бирге таат өткөрөт. Ошондой эле 19-кылымда өткөн католик диниятчысы Жон Генри Ньюменди олуя деп жарыялайт.

Монсиньор Пол Ватсон Бирмингемдеги Католик теология борборунун мүдүрү. Ал “Азаттыкка” берген интервьюда, Рим Папасынын визити Британия менен Ватикандын мамилесин мыйзамдаштыруу үчүн маанилүү экенине көңүл бурду.

"Менин оюмча, көпчүлүк католиктер муну Папанын биринчи визити деп ойлошпойт. Анткени, 1982-жылы Иоан Павел II мамлекеттик визит эмес, чирөөнүн чакыруусу менен келген эле. Ошентсе да, көпчүлүк католиктер бу визитке аябай кубанычта деп ойлойм. Бул мамлекеттик визит биздин өлкө Ватиканды мамлекет деп тааныганын билдирет"-деди Ватсон.

Ватсон Папанын сапары Британияда католиктердин саны көбөйүп турган жылдарга туура келгенин да кошумчалады:

Ватикан. Шаар-мамлекет. Ыйык Петр чиркөөсү.

"Арийне, Англияда католик иммигранттардын эсебинен католик жамаатттын саны өсүүдө. Ошол эле учурда, менин баамдашымча, башка кээ бир Батыш Европа өлкөлөрү сыягы Англияда дин жолунан чыккан католиктер көбөйүүдө. Буга айрыкча иммигрант-католиктердин Польшага кайтуусу да таасир этти".

Роман католик жана англосаксон чиркөөсүнүн көсөмдөрү диний жамааттын көңүлүн эки чиркөө арасындагы окшоштуктарга да бурмакчы. Былтыр англосаксондор Британияга архиепископ аял болуусуна каршы чыккандан кийин Ватикан мурдакы англосаксондордун католик чиркөөсүнө чокунуусуна уруксат берген жобо чыгарган. Бул Англосаксон чиркөөсүн катуу нааразы кылган.

Кантенбери чиркөөсүнүн башчысы Ирландияда католик диниятчылары балдар менен жыныстык катнашка барып, “чиркөө жүзүн жоготту” деген сөзү ого бетер май тамызган.

Поляктар коммунисттик Польша тушунда азап тарткан католик чиркөөсүнүн диниятчиси Ержи Попелужкону олуя деп жарыялоону майрамдашууда. 6-июнь 2010

Папанын визитине каршылар да болууда. Алар Ватикандын кумсалар, бойдон алдыруу, бойго бүтүүдөн сактануу саясатына нааразы. Ошондой эле католик динаятчыларына байланыштуу секс чатактар да элде чиркөөгө ишенбөөчүлүк жаратууда.

Католик динаятчылардын жаш балдарды бузуусунун көптөгөн фактыларынын ашкере болуусу, кеминде 13 жабыроочунун өзүн өзү өлтүрүсү да динден ишенимди качырды.

Сюзан Коксту, өзүнүн айтышынча, 13 жашында поп чиркөөдө зордуктап койгон. Ал поп өлөр алдында калтырган осуятка ылайык, жакында Кокс айымга чиркөө 25 миң фунт стерлинг компенсация төлөп берген. Сюзан айым башка дагы тогуз жабыркануучу менен чогуу Папа менен купуя кездешүүгө чакырылган. Бирок Сюзан Ватикан динзарлардын бузук жүрүм-туруму тууралуу бар маалыматтарын ачыкка чыгармайын Рим католик Папасы менен жолугуудан баш тартты.

“Эмне үчүн динаятчылардан жабыркагандар чиркөөнүн кадырын көтөрүүчү жөрөлгөнүн бир бөлүгү болушу керек. Мен Папа менен купуя да, ачык да кездешүүнү каалабайм. Адегенде кечирим сурасын. “Кечиргиле” деп айткан оңой эле”, - дейт 60 жаштагы Сюзан Кокс.

45 жаштагы глазголук аял Хрис Дэли да Рим Папасы динаятчылардын жосунсуз жоругу үчүн жалпы журт алдында кечирим сурашы керек деп эсептейт. Британдардын арасында Рим Папасынын ырасмий визити үчүн салыкчылардын эсебинен 18 миллион сарпталганына нааразылар да бар.

XS
SM
MD
LG