Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Кыргызстан маңзаттарынын туткунунда калуу коркунучунда турат. ИИМдин эсеби боюнча жыл башынан бери маңзаттарга байланыштуу 946 кылмыш иши катталып, 1 тонна 241 киллограмм маңзаты кармалды.


Маң заттарын мыйзамсыз айлантуу – дүйнөдөгү эң эле кирешелүү тармактардын бири. Ар кыл булактарга караганда, дүйнө жүзүндө жылына маң заттары менен алектенгендердин чөнтөгүнө 500 миллиард доллардан 1,5 триллион долларга чейинки каражат түшүп турат. Маң заттарын мыйзамсыз айлынтуу дүйнөдөгү жалпы сооданын 8 пайызына чейин жетип барганы да анын көлөмүнүн өтө чоңдугунан кабар берип турат.

Маң заттарынын эң эле кеңири таралган түрү болгон апийимдин 90 пайыздан ашууну Ооганстанда өндүрүлөт. Ал жакта өндүрүлгөн маң заттарын сыртка ташуунун бир канча жолу бар экени айтылып келет. Алардын негизгилеринин бири, Борбор Азиядагы Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан аркылуу кетет.

Адистердин айтымында, маң заттары ташылган транзиттик өлкөгө айланган Кыргызстандын өзүндө да бул жаатта коркунуч күчөп, баңгилердин саны күн санап өсүп барат.

Белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, Кыргызстанда маң заттарын мыйзамсыз ташуу иштерине айрым органдын кишилери, мамлекеттик кызматта тургандар аралашып кеткендиктен, аны менен күрөшүү натыйжасыз болууда:

- Негизи, Кыргызстан эле эмес башка өлкөлөрдө деле аткезчилик менен келген маң заттарынын 10 пайызга жакыны эле кармалат. Калганы өтүп кетет. Биздин министрдин айтып атканы да туура. Бул ишке укук коргоо органдарынын кызматкерлери да аралашып кеткен. Ошондуктан муну менен күрөшүү натыйжасыз болуп атат. Бизде маң заттары арзандап кетти кийинки жылдары. Баңгичиликке берилип кеткен жаштардын саны көбөйүп атат. Бул биздин келечегибиз үчүн өтө чоң проблема. Ансыз деле биз кичинекей калкпыз.

Андан тышкары О.Молдалиевдин пикиринде, Ооганстанга эл аралык коалициялык күчтөр киргенге карабай маң заттарды өндүрүү бул аймакта төмөндөгөн жок. Коррупциянын өтө эле масштабдуулугу менен аймактагы туруксуздук анын өнүгүп-өсүшүнө түрткү берүүдө:

- Жүздөн ашык “наркобарондор” бар. Алардын элүүсү өтө таасирлүү. Эгер алардын ишине ооган өкмөтү жана эл аралык күчтөр кийлигише турган болсо, анда алар Талибандын күчүнөн кыйла эсе ашык күчтөрдү бийликке каршы коюп салышат. Эми ал “наркобарондорду” Х.Карзай деле билет. Полициясы, эл аралык күчтөр деле билишет. Маселенин татаалдыгын ушундан көрүңүз, билип туруп ошолорду кармаганга эл аралык коомчулуктун күчтөрү жетпей атат. Маң заттарынын айлдануусу ушунчалык чоң күчкө айланып кеткен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Рахматилло Ахмедовдун айтымында, Кыргызстанда кармалган маң заттарынын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүгүнө туура келүүдө.

- Бүгүнкү күндө кармалган маң заттарын региондор боюнча салыштыра келсек, көбүрөөк түштүк аймакка туура келип атат. Эми бул географиялык жайгашкан абалына да байланыштуу. Бирок өлкөнүн башка аймактарында деле маң заттарына байланыштуу кылмыш иштери катталган.

Ошондой эле Р.Ахмедовдун айтымында, маң заттары жаатындагы иштерге мамлекеттик кызматтагы адамдар да аралашып кеткен деген маалыматтарды жокко чыгарууга болбойт. Бирок мындай маалыматтар сотто далилденбегенден кийин бир жактуу айтууга болбойт.

Адистер да маң заттарына аралашкан кызмат адамдарынын күнөөсүн далилдөө өтө кыйындыгын, көбүнэсе мындайда майда-барат гана аткаруучулары садага чабылбаса, чоңураактары колго түшпөсүн айтышат.
XS
SM
MD
LG