Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Таластык депутат: шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо басым болууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Рустам Байгараев билдирди. Анын айтымында, «Республика-Ата Журт» буга чейин «Мекеним Кыргызстан» жана «Айкөл» партиялары менен «Талас ынтымагы» деген коалиция түзүп, төрагалыкка Аскар Шабдановдун талапкерлигин көрсөткөн.

Бирок бул партиялардын айрым мүчөлөрүнө облустук бийлик басым көрсөтүп, коалицияга кирбөөгө чакырган. “Республика-Ата Журт” партиясынын депутаттары ушундан улам шаардык кеңеш төрагасы шайланбай жатканын айтышууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев болсо депутаттардын жогорудагыдай пикирин четке кагып келет.

Таластагы шайлоодо беш партия жеңишке жеткен. Шаардык кеңештин алгачкы сессиясы 18-январда өткөн. Жыйынга бийликчил партиянын эки гана лидери келгендиктен, төрага шайлоо 23-январга жылдырылган.

Бирок 23-декабрда «Республика-Ата Журт» фракциясынын үч депутаты шашылыш иши чыгып калганын айтып, шайлоонун кийинкиге калтырууну өтүнгөн.

Натыйжада төрага шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (AlS)

XS
SM
MD
LG