Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Атом бомбасын жасаганга Иранга канча жыл керек?


Ирандын абадан коргонуу максатында жасалган ракеталарынын бир үлгүсү.
Ирандын абадан коргонуу максатында жасалган ракеталарынын бир үлгүсү.

Бир жылдан соң Иран атом куралына жарай турган уран байытканга жетишет. Андан соң ядролук бомба жасаганга дагы үч-беш жыл керек болот.

АКШ конгрессиндеги коомдук талкуу маалында америкалык жогорку даржалуу аскерий адистер ушундай деп ырасташты.

Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сөз сүйлөгөн коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси генерал Роналд Бэржессге собол берип, мыйзамгерлер Иран канча мөөнөт аралыгында ядролук бомба жасай аларына кызыгышты.

Генерал Бэржесс Иранда канча центрифуга бар экенин эч ким билбей турганын моюнга алды, бирок тегерандык илимпоздор бир жыл ичинде уранды курал жасагыдай кылып байыта алат деген жалпы пикир бар экенин билдирди. Мындан тышкары ал ирандыктар өздөрүнүн ракеталык системасын өнүктүрүп, аларды бардык багыттарда, анын ичинде бутага так тийгидей кылып өркүндөтүп жатышканын, ким бирөө сырттан көмөктөшсө, технологияда кескин секирик жасай алышарын да кошумчалады.

Бэржесстин бул сөзүн куралдуу күчтөрдүн штаб башчылар Комитетинин орунбасар төрагасы генерал Жеймс Картрайт бышыктады. Анын болжолунда, жакынкы аралыкта ирандыктар уранды 90 процентке жеткирип байытканга жетишсе, андан биринчи бомба жасап, сынап көрүү үчүн 3-5 жыл убакыт керек болот.

Ирандын Натанздагы ишканасында жакында 20 процент өлчөмдө байытылган беш килограмм уран алынды. Андан бир нече күн мурда президент Махмуд Ахмединежад үчүнчү муундагы жаңы центрифугалар ишке киргизилгенин жарыялаган эле. Тегеран өкмөтү баштагыдай эле өз программасын өңчөй жайчылык максаттарга багытталган деп ырастап келатат.

Бул учурда эл аралык "алтылыктын" – АКШнын, Британиянын, Германиянын, Кытайдын, Россиянын жана Франциянын - өкүлдөрү Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүштү.

Мамлекеттик катчынын саясий иштер боюнча орунбасары Улиям Бернс жакынкы бир нече апта ичинде санкциялар жөнүндөгү резолюциянын кабыл алынышына жетишүү үчүн Вашингтон чечкиндүү аракеттерди көрүп жатканын маалымдады. Бернс жаңы санкциялар режимине Кытай менен Россия да кошуларына ишенич билдирди.
Республикалык партиянын өкүлү, сенатор Жон Маккейн ушундай олуттуу санкцияларды көргөнгө өтө кызыкдар экенин айтып, ошол эле учурда кытайлыктар менен орустар бир жылдан бери буйтактап келатышканын, андыктан бул жолу деле бекем ишенич жоктугун эскертти.
Байкоочулар "алтылыктын" ортосундагы талкуулар дагы бир нече аптага созулат деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG