Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

АКШ президенти Барак Обама Ооганстанда бейкуттукту орнотуу үчүн кошумча аскер жиберээрин шейшембиде жарыя кылды.

АКШдагы Мэриленд университетинин саясат таануу боюнча докторанты Эмил Жураев АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан стратегиясы жөнүндө "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.

- Эмил мырза, Барак Обама жаңы эле сүйлөгөн сөзүндө Ооганстандагы америкалык аскерлерди 2011-жылдын июль айынан тарта чыгара баштаарын айтты. Ушул канчалык деңгээлде ишке ашат деп ойлойсуз?

- Бул негизи Американын элине карата айткан сөзү болду. Ал 2011-жылдын июль айларында чыгара баштайбыз деп айтты. Бирок кээ бир саясатчылар азыр эле бул өтө реалдуу эмес жана туура да эмес деп айтып атышат. Он сегиз айдын ичинде согушту жакшы жыйынтык менен бүтүрүп, чыгып кетүү чындыгында өтө кыйын болот.

- Барак Обаманын президенттик биринчи мөөнөту 2013-жылы аяктайт. Обаманын биринчи мөөнөтү бүткүчөктү согушту аяктап, кийинки шайлоого “мына айткан сөзүмду аткардым” деп жүзү жарык баруу милдетин көздөп жатканы байкалып атабы?

- Албетте, андай нерселер да эсепке алынат. Бирок азыркы мезгилде Американын эли Ооганстандагы согуштан өтө чарчады. Ошон үчүн аскерлерди жөнөтүүгө колдоо жок болуп атат. Ошондуктан тез аранын ичинде аскерлерди кайра алып келебиз кайра келтиребиз деп айтпаса болбой калчудай. Эгер ал ушул айткан сөзүн аткара албай калса, 2012-жылы шайлоодо кайра эле өзүнө оордук кылып алышы мүмкүн. Бул жерде азыркы кезде бир жактуу айтыш өтө кыйын.

- Барак Обаманын бүгүнкү сөзү Конгресстин өзүндө талаш тартыштарды күчөтүүдө, анын ичинде республикачылар эле эмес, демократтар да бар. Барак Обама өзүнун партиясынын ичинен канчалык колдоо алат, Американын расмий бийлик органдары аны канчалык деңгээлде колдойт деген суроолор чыгууда?

-Ооба, Обама өтө татаал чечим кабыл алып атат бүгүн. Республикачылдардын партиясы демократтарга караганда көбүрөөк колдошу мүмкүн, анткени президент Джорж Буштун убагында согушту алар өздөрү баштабады беле. Ошондуктан, бүгүнкү сөзү өтө кыйын нерсенин ачылышы гана болуп атат. Мындан аркы күндөрдө өтө катуу талкуулар болот. Албетте, ушунун айынан Барак Обаманын эл арасындагы бедели түшүшү да мүмкүн .

- АКШдагы көз карандысыз иликтөө борборунун сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча америкалыктардын 35% Барак Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын колдойт, ал эми 55% каршы экен. Барак Обаманын кадыр-баркы бул жаңы стратегия тааныштыргандан кийин кандай болот деп ойлойсуз?

- Согуш бир чоң маселе, андае башка дагы саламаттыкты сактоону реформалоо боюнча чоң маселе турат. Ушуга окшогон бир-эки маселенин айынан Барак Обамага эл ичиндеги колдоо басаңдап турган кези. Бирок согуш деген согуш да, АКШ Ооганстанда 2001-жылдан бери согуш баштап атпайбы. Быйылкы жылда америкалык аскерлердин арасында эң көп курмандыктар болот, ошондуктан америкалыктардын президентти колдоосу төмөндөп калган кез. Албетте, бул жанагы сиз айткан сурамжылоонун жыйынтыктары өтө кооптуу карай турган нерсе.

- Президент Обама сөзүндө Америка өкмөтү, НАТОнун аскердик күчтөрү ооган өкмөтүнүн өзүн күчтөндүрүп, оогандык коопсуздук кызматына жардам берип, кийинки жоопкерчиликти ооган эли өзү аларын айтты. Муну менен ал согуштан кийин талкаланган өлкөнүн тагдырын Ооганстандын өз мойнуна илген жери жокпу?

- Эмне үчүн ошентип айтты? Биринчиден, бул согуштун жыйынтыктоочу фазасы деп белгилегиси келди. Отуз миң кошумча аскер белгисиз бир узак мөөнөткө кетип аткан жери жок, бир чекит койчу чечим кылдым, деген кабары болуп жатат. Жыйынтыктоочу фазада НАТОнун жардамы менен АКШнын көбөйтүлгөн аскер күчтөрү Ооганстандын өзүнүн аскерий күчтөрүн даярдап, мамлекеттин акыбалын оңдоп, өздөрүн башкарып кетчү нукка салып коюга аракет кылабыз деп белгилеп кетип атат.

Бирок сиз айткандай, согуштан талкаланган өлкөнү өздөрүнүн мойнуна илип коебуз дегендей ой Обаманын оюнда жок. Албетте, ооган эли өзү ошондой сезиши мүмкүн. Анткени кыйналып, күн сайын бомба жарылып өлүп жаткан күнөөсүздөр ошолор да. Бирок, албетте, азыркы саясый стратегиялык жаңы пландын ичинде андай ой жок.

- Эмил мырза сиз өзүңүз билгендей, Ооганстан азыр дүйнөдөгү эң жакыр, эң артта калган мамлекеттердин бири. Бул өлкөнү өнүктүрүү программасы кандай болушу керек? Мына согуштук аракеттер журүп атат, бирок ошону менен катар эле мамлекетти учурдун талабына ылайык өнүктүрүү максаты турат да. Бул кандай деңгээлде ишке ашып атат?

- Бул өтө кыйын деңгээлде болуп атпайбы. Азыр эле Обама сүйлөп бүткөндөн кийин Фарид Закария деген атактуу журналист мындай деди, "Америка менен Батыш Хамид Карзайды жана анын өкмөтүн коррупция, легитимдүүлүктү жоготту деп айыптоо менен убара болуп жатышат."

Закариянын бул айтканы Ооганстанда коррупция дегенди аз сүйлөгүлө, бирок саясый коом түзүү жөнүндө көбүрөөк сүйлөшүбүз керек деген маанини билдирет. Анткени, коррупцияны токтотуп коюш өтө кыйын. Өзүңүз айткандай, дүйнөдөгү эң жакыр элдердин бири ушул Ооганстан, ошондуктан эң негизги маселе, менимче мамлекеттин өзүн өзү башкарып, өкмөттүн бүткүл өлкө боюнча күчүн жана коопсуздугун камсыздоону күчөтүү. Жакында эле кемчиликтери көп шайлоо болуп өттү. Мениче, анын деле кереги жок болчу. Азыркы кезде эң негизги нерсе - бул коопсуздук. Ооганстанды саясый бир бүтүн мамлекет катары түзүү - эң биринчи маселе.

- Мына азыр талиптерге каршы дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери, НАТО биригип алып сокку уруп атышат. Ооган мамлекетин экономикалык- социалдык жактан өнүктүрүп чыңдоодо дагы эл аралык коомчулук ушундай жоопкерчиликти өзүнө алышы зарылбы?

- Ооба, албетте. Сөзсүз түрдө зарыл. Азыркы кезде экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программалары жүрүп атат. Эл аралык уюмдар, алдыңкы өлкөлөр каржылык жардам кылып жатат. Аскерий программалар азайган сайын эл аралык жардам өлкөнү экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө жумшалышы керек. Муну президент Барак Обама да өзү жакшы түшүнөт.

Тасмада: Б.Обама: "Дүйнөнүн коопсуздугу кыл учунда"

2-декабрда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы талиптердин жана “ал-кайидачылардын” козголоңчу күчтөрүн жеңүү үчүн кошумча 30 миң аскер жиберээрин жарыя кылды. ZMa, SA, MiT.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG