Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Апрель окуяларынын алдында амбициясы ашып-ташкан оппозиция лидерлери Роза Отунбаевага токтолуп, анын жетекчилиги алдында биригүүгө аргасыз болушту. К.Бакиевдик режим кулагандан кийин Р.Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетектеп, легитимдешүү процессин тездетүү максатында анын талапкерлеги жалпы элдик референдумга коюлду. Референдумда президент катары шайланып алган Р.Отунбаева алдыдагы өзгөрүүлөрдө да негизги фигура болору бышык. Ушул тапта юбилейлик туулган күнүн тосуп аткан аял президент жана аны менен бийликке келгендердин башкы миссиясы эмне болчу? Алар кандай аткарылууда?

15 жыл бою Аскар Акаевдин, андан кийин беш жыл бою Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстанда күчтүү президенттик бийлик өкүм сүрүп келди. Мурда А.Акаевге оппозиция болуп келгендердин көбү, кийин К.Бакиевге каршы турушту. Бул арада бийлик бир колго топтолгон башкаруу системасын жок кылып, бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталган система түптөө керектиги абдан көп айтылды. Андай мүмкүнчүлүк Кыргызстанга 7-апрелден кийин келип, кантсе да Убактылуу өкмөт үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей тургандай баш мыйзамдын кабыл алынышына шарт түздү.

Албетте, бул - жаңы баш мыйзам кабыл алынса эле иш оңолуп, итибиз чөп жеп кетет дегендик эмес. Парламенттик башкаруу системасына өтүү, ошол ири реформалардын, өзгөрүүлөрдүн башталгычы гана боло алат.

Аял президент жана анын амбициясы күчтүү шериктери

Бүгүн алтымышка чыгып, кутман курагын белгилеп аткан президент Роза Отунбаеванын болуп өткөн жана боло турчу өзгөрүүлөрдөгү ордун баса белгилеп айтса болот.

Апрель окуяларына чейин баары өзүн улуттун бирден-бир лидери сезген чачкын оппозициянын биригишинде Р.Отунбаеванын орду опол тоодой. А кезде оппозициядагы өңчөй эркектерден турган лидерлердин баардыгы талашып-тартышып отуруп компромистик фигура катары аял кишинин, Р.Отунбаеванын талапкерлигине токтолушкан. Амбициясы күчтүү эркек лидерлер өздөрүндөй эле башка эркек лидердин башкы фигура болушуна оңой менен көңүшмөк эмес. Анын үстүнө башкаларга караганда тажрыйбасы мол, эл аралык саясатта орду, билими бар, чет тилдерин билген Р.Отунбаева парламенттеги оппозициянын башында турган болчу. Ал эми 7-апрелден кийин легитимдешүү процессин тездетпесе кырдаал татаалдай берери айкын болчу. Андыктан Убактылуу өкмөт ошол эле Р.Отунбаеваны референдум аркылуу президенттикке аттантууга аргасыз болду.

Өлкө апрелдеги, июндагы окуялардан кийин оор абалда калды. Учурда аз да болсо туруктуулук пайда болуп, эл аралык донорлор 1 миллиард 200 миллион доллар бөлүп атканы менен кооптондурчу жагдайлар жок эмес. Алардын негизгилеринин бири, алдыдагы парламенттик шайлоолорду тынч өткөрүү беймазасы. Кыйын кырдаалдан пайдаланып уктап аткан кооптуу күчтөр, криминал баш көтөрүп атканы айтылып, өлкө - айрым аймактык жетекчилер борборго баш ийбей калган деңгээлге жетсе да негизги бийлик баарыбир Р.Отунбаеванын колунда. Андыктан Борбор Азиядагы биринчи аял президенттин башкы миссиясынын бири, парламенттик шайлоону ызы-чуусуз өткөрүп алуу, өлкө тизгинин парламент менен бөлүшүү болмокчу. Ушул тапта күчтүү президенттин позициясындагы Р.Отунбаева парламенттик шайлоодон кийин кыйла эле чектелген президентке айланмакчы. Негизги күч парламентке оогондуктан Убактылуу өкмөттөгү бир катар лидерлер да шайлоого аттанып калышты.

Кагаз жүзүндө өзгөргөн өлкө иш жүзүндө өзгөрөбү?

7-апрелге чейинки убадалардын бирөөсү аткарылып, жаңы бийлик парламенттик башкаруу системасына жол салганы менен иш жүзүндө көп нерселер эскиси бойдон кала берүүдө. Мурдагы эки президенттин тушунда калыптанган коррупциялык система күнү бүгүнкүдөй жашоосун улантып, кай бир тармактарда ал күчөп кеткени айтылууда. Мындай жагдай өз кезегинде бийликке болгон ишенбөөчүлүктү ого бетер күчөтүп, барган сайын башкаруучулардын рейтинги төмөндөп баратат.

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Акбар Рыскуловдун айтымында
, азыркы бийликтин аброюн азайтып аткан дагы бир фактор, бул кадр саясаты болууда. Бийликтеги жана анын айланасындагы уюгушкан топтор дале өз көмөчүнө күл тартып, накта профессионалдарды эмес, өз кишилерин кызматка коюу саясатына түшүп алышты:

- Эмки учурларда калыс адамдар, тынч жаткан адамдар четте калып атканы байкалат. Аларды издеген эч ким жок. Көрсө көп адамдар четте калыптыр. Эч ким аларды чакырбайт, карабайт экен. Азыр кимдер алдыңкы толкунда? Уюгушкан, тополушкан адамдар алдыңкы толкунда. Партия-партия болгон, уруу-уруу болгон, жердешчил же башка касиеттерине карагандар эле бир нерсе кылып атышат. Ал эми калыс жүргөндөр, сыпайы, адилеттиктен жанбагандар толкун четинде, бийлик сыртында калып атышат. Р.Отунбаева ушул 1,5 жыл ичинде жакшы иш жасайм десе, ушу кадр маселесин жакшы чечип кетсе болот эле.

Ошондой эле А.Рыскуловдун пикиринде, президентке өтө кыска убакыт берилгендиктен, ал кадр маселесинде абдан билгичтик жана эрктүүлүк кылуусу керек.

Кадр маселеси демекчи Грузияда буга абдан катуу көңүл бурулуп, Ички иштер министрлиги сыяктуу органдарында дээрлик өздүк курам жаңыртылган. Миңдеген адамдарды жумуштан бошотуп, атайын даярдыктан өткөн тап-такыр жаңы адамдарды кызматка алышкан.

“OIC” компаниясынын адиси Талант Кемеловдун пикиринде, Кыргызстанда деле Грузиядагыдай реформалар ишке ашып кетиши мүмкүн. Бирок анын баары шайлоодон кийин болмокчу жана бул шайлоочулардын тандоосуна жараша болот. Ал эми азыркы бийлик өрт өчүргүч сыяктуу курч аймактарды тынчытуу менен гана алек болуп, башкасына колу жетпей турат:

- Эч нерсе деле өзгөргөн жок. Кандай иштеп келишсе, ошол бойдон. Ошол эле кишилер, баягылар иштеп атат. Жыйырма жыл мурда иштегендер дагы деле башкарып жүрүшөт.

Эми, өзгөрүүлөр болсун үчүн жаңы парламент шайлансын. Мыйзамдуу жаңы өкмөт катуу чараларды жасай алат болушу керек. Булар убактылуу болгон үчүн андай кардиналдуу кадамдарга бара алган жок. Анын үстүнө шайлоонун алды болуп атпайбы. Негизи реформалардын бардыгы жаңылыштыктар, нааразычылыктар менен коштолот. Көптөгөн кишилер ал реформадан жапа чегишет. Муну шайлоолордун алдында жасабайт эч ким. Шайлоодон кийин жасайт.

Ал эми башкаруу системасынын жаңылануусу биздин шайлоочуларга, элге көз каранды. Шайлоодо кайсы партияны колдосо, “жаңыланабыз, системаны алмаштырабыз” деген партияны шайлашса алмашат, анан эле “баары жакшы, жомок, калтырып эле коёлу” дегендерди шайласа эскиче калат. Негизи эле эски кишилерди шайлашса эскиче эле болот. Алар баарыбир жаңыртпайт. Алар кантип өз жашоолорун, ой-пикирлерин бир күндө өзгөртмөк эле...


Азырынча Грузиядагыдай кардиналдуу реформалар болбогону менен алар сыяктуу эле коррупцияны азайтууга, экономикалык жагымдуу шарттарды түзүүгө, туруктуулукту пайда кылууга мүмкүнчүлүктөр пайда болуп турат. Өлкөнүн эмки саясий-экономикалык багыты жаңы парламентте аныкталып, ошол жерде чечиле тургандыктан, дүйнөлүк процесстерди түшүнгөн, алдыңкы билимдерге ээ, эң башкысы олуттуу реформаларга даяр жаңы адамдар парламентке келишсе, “аткарылгыстай сезилген миссиянын” жарымы аткарылмак.

Роза Отунбаеванын ант берүү аземи

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG